Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин миссиясына ылайык колдонуучулардын ар түрдүү талаптарына жооп берүү;

Билим берүүнү активдүү жана жигердүү ишке ашуусуна жана студенттердин өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмүн пайда кылууга катышуу;

Университеттин максаттарынын алкагында билим берүү жана изилдөө программаларын колдоо, окутуучулардын, студенттердин жана жумушчулардын изилдөө иштери үчүн булактарды жыйнап, аларды колдонуу үчүн эң ыңгайлуу чөйрө камсыз кылуу;    

Маалымат камсыз кылууда чектөө билбеген, убакыт менен теңтайлашкан, жалпы баалуулуктарга ээ, заманбап жана гумандуу маалымат алуу борборуна айлануу;

Университетибиздин миссиясына ылайык билим берүү, изилдөө жана маалымат таратуу мүдөөсүнүн алкагында маалымат жана документ кызматтарын заманбап технологиялардын жардамы менен түзүп, колдонуучуларга тартуулоо.

  • Маалымат булактарын эффективдүү колдонууну камсыздоо,
  • Муктаждык пайда болгон маалыматтарды жана документтерди убагында камсыз кылуу,
  • Колдонуучуларга жагымдуу шарттарды түзүү,
  • Жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө басым жасоо,
  • Технологиялык жаңычылдыктарга шайкеш болуп, аларды колдонуу жайларын камсыздоо,
  • Жумушчулардын кесипкөйлүгүн үзгүлтүксүз жогорулатуу  жана билим алуусун колдоо,
  • Ийкемдүү түзүм пайда кылуу,
  • Билим берүү жана изилдөө иштерине колдоо көрсөтүү
  • Эркин ойлонууга сый мамилени өркүндөтүү,
  • Өндүрүмдүү иш алып баруу
  • Колдонуучулардын муктаждыктарын негизги приоритет катары эсептөө
  • Башка мекеме жана маалымат борборлору менен тыгыз кызматташуу,
  • Коомчулуктун кызыкчылыгын байкоо
  • Жумушчулардын кесиптик жана коомдук өз ара тилектештигин чыңдоо, 
  • Университеттин бардык бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташуу,
  • Адилеттүү башкаруу принцибин кармануу,
  • Командалык духта иш алып баруу.