Университеттин миссиясы

Кыргыз-Түрк "Манас" университети түзүлгөн күндөн тарта түрк тилдүү мамлекеттердин ичинде сапаттуу билим берүүнү негизги милдеттеринин бири катары кабыл алган. Университеттин миссиясы – заманбап билим берүү системасынын жардамы менен түрк дүйнөсүнүн жаш муундарын аң-сезимдүү, өзүнө ишенген, жоопкерчиликтүү инсан катары тарбиялап өстүрүү. Окуу жайда өз маданий баалуулуктарын сактаган, ар тараптуулукка умтулган, инсан катары калыптанган, түрк дүйнөсү менен дүйнөлүк илимге өз салымын кошо алган, жаӊы маданиятты курууну кыялданган жаш муундарды даярдоого артыкчылык берилет. Университет академиялык кызматкерлеринин жана студенттеринин катышуусунда түрк тилдүү мамлекеттер менен тил, илим, билим, тарых, адабият, маданият, көркөм өнөр, экономика жана спорт жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү, ошондой эле инсандык баалуулуктарды калыптандырып, универсалдуулукка умтулат.

Университеттин концепциясы

Түрк дүйнөсүнүн эзелтен берки тажрыйбаларына таянган, абройлуу, эл аралык аренада өзүн тааныткан, окуу-тарбия жана илимий изилдөө иштери боюнча бай тажрыйбага ээ, түрк цивилизациясына салым кошо ала турган эл аралык деңгээлде абройлуу,  жаратман жана дүйнөгө таанылган алдыңкы университет болуу окуу жайыбыздын негизги максаттары болуп саналат. Университеттин концепциясы – заманбап, демилгелүү, жаңычыл, өзгөрүүгө жана өнүгүүгө ачык, региондо алдыңкы катардагы окуу жай болуу. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 21-кылымдагы негизги максаттарынын бири – жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо аркылуу Кыргызстандын экономикасына салым кошуу.