Мүдүр

Талант ТЕНТИМИШОВ

(Чет өлкөдөн чалатургандар үчүн

код: +996)

 

 

312 490045

Мүдүрдүн жардамчысы

Аймира МАМАСАЛИЕВА

(Чет өлкөдөн чалатургандар үчүн

код: +996)

 

 

312 490027

 

Адрес

Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарча(Жал), 720038, Бишкек, Кыргызстан

Почта

ktmu.yurt@manas.edu.kg

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Студенттик жатаканалары 2000-2001-окуу жылдарынан баштап ишке киргизилген. Бул жатаканаларда студенттер үчүн бардык шарттар жана кызматтар эске алынган. Студенттерге кадимки үйдөгүдөй шарт түзүп берген КТМУнун жатаканалары Кыргызстандагы алдыңкы үлгүдөгү Стүденттердин үйү десек жаңылбайбыз.

Жатаканада студенттер үчүн ар түрдүү социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар: поэзия кечелери, баарлашуулар жана оюн-зоок программалары, театр оюндары, куттуктоолор, пикир алмашуу жыйындары, саякаттар жана спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.

КТМУнун жатаканалары студенттерди 2000-жылы 500гө жакын орун менен камсыз кылган болсо, 2013-жылы 688 орундуу жаңы Студенттер үйү курулуп, студенттерге берилген. Студенттик жатаканада түрдүү улуттан турган студенттерибиз бири-биринин тилин, маданиятын, ишенимдерин жана салт-санаасын жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мунун өзү көп улуттан турган жаштардын арасында ынтымакты жана достукту бекемдөөгө жакшы өбөлгө түзөт.

Тажрыйбалуу кызматкерлер тарабынан Студенттик жатаканабызда башка чет өлкөлөрдөн келген Даярдоо курсунун студенттерине Кыргызстандын шартына жана университеттин чөйрөсүнө көнүү процессин жеңилдетүү үчүн жол көрсөткөн иш-чаралар жасалып турат.

Жатаканадан орун Даярдоо курсунун студенттеринен тышкары, университетке тапшыруу сынактарынан жогору баа алган жана окууда ийгиликке жетишкен студенттерге берилет анын ичинде Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге жатаканада өзүнчө орун берилет! Студенттик жатаканада жашоо укугуна ээ болуш үчүн студенттерге бир катар шарттар коюлган. Алсак, 1-курстан баштап, жыл аягындагы орточо баасынын төмөн болбошу; мурун жатаканада жашаган болсо, Студенттик жатакананын эрежелерин бузбагандыгы; коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы сыяктуу иш-аракеттердин негизинде ар бир студентке упай берилип, тизме түзүлөт. (Бул боюнча толук маалымат алуу үчүн КТМУ Студенттер жатаканасы мыйзам эрежелеринен окуңуз).

Даярдоо курсунан кийинки окуу жылдарында чет өлкөлөрдөн келген студенттерге жатаканадан орун окуудагы жетишкендиктерине жараша берилет. Орто курстан баштап, студенттерге (1-2-3-4-курс) чет өлкөлүк болсо да, жатаканага кирүү мүмкүнчүлүгү бирдей каралат. Студенттерибиздин экономикалык абалы эске алынып, жатаканада жашоо үчүн жеңилдетилген төлөмдө акы төлөнөт. Бир студент Б Блок жана Ж Блок Студенттер жатаканасындагы 1 айлык мөөнөткө – 1200 сом, ал эми А Блок Студенттер жатаканасындагы 1 айлык мөөнөткө – 1500 сом төлөйт. Төлөмдөр ар жарым жылдын башында акчалай нак берилиши шарт. Мындан сырткары, ар бир студенттен депозит катары кошумча 2500 сом өлчөмүндөгү акча каражаты кармалат. (Бул 2500 сом жылдын аягында кайра ээсине берилет).

Эки блоктон турган Эски Студенттер жатаканасынын бир тарабы балдарга, ал эми экинчи блогу кыздарга бөлүнгөн. Бөлмөлөр 4 жана 6 кишиге ылайыкташтырылып, ар бир бөлмөдө өзүнчө туалет жана душ бар. Жатаканада акы төлөнбөгөн Wİ-Fİ дан тышкары, интернет-кафе да студенттер үчүн ачылган.

Ошондой эле университетибиздин Ден соолук борбору, Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору, КТМУнун Башкы китепканасы студенттерибиз үчүн ар дайым кызмат көрсөтүп келет. Спорт менен машыгуу үчүн атайын газон төшөлгөн футбол аянтчасы жана волейбол, баскетбол оюндарына ылайыкталган аянтчалар курулган. Булардан тышкары, спорт комплекси да жакынкы арада ишке киргизилгени турат. Студенттик жатаканада жашаган студенттер университетибиздин Социалдык курулуштар имаратында жайгашкан ашканада түштө жана кечинде жеңилдетилген баада тамактана алышат (баасы 80 сом). Ошондой эле буфет-кафетериялар саат 08:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

Жатакананын бөлмөлөрүнүн тазалыгына жашаган студенттер жооп беришсе, ал эми коридордун жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына келишим боюнча иштеп жаткан фирманын кызматкерлери жооптуу. Жатаканалар менен бирге жалпы эле Ч.Айтматов атындагы кампус университетибиздин коопсуздук кызматкерлери тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат.

Студенттер жатаканасына кабыл алуу үчүн керек болгон документтер:

1) Жатакананын эрежелерин сактоо боюнча келишим;

2) Паспорттун копиясы;

3) Студенттик маалым кат (Студент иштери боюнча башкармалыктан берилет же “manasbis / obis / ogrnot” деген манас университетинин студенттеринин электрондук базасыннан чыгарып алса болот. “Belge oluştur” деген кнопкага бассаныз база автоматтык түрдө студенттик маалымкатынызы даярдап ПДФ түрүндө чыгарып берет);

4) 2 даана 3х4 өлчөмүндөгү фотосүрөт;

5) Медициналык справка: СПИД (СПИД анализи бир гана КР жараны эмес болгондор үчүн), Гепатит Б, Рентген (Флюорография), Кургак учук оорулары тууралуу тесттин жыйынтыгын жана канынын группасы көрсөтүлгөн маалыматты мамлекеттик ооруканалардан алып, аны КТМУнун ден-соолук борборуна тапшырышы керек.

6) КР жарандары үчүн жашаган жер тууралу маалымкат (местожителство)

Бардык студенттер “онлайн кайрылууда көрсөтүшкөн болсо”:

  • Ата-энелеринин жарандык абалы жөнүндө документтер (эгерде ата же эне каза болгушкан болсо же ажырашкан болсо)
  • Окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаты (башка жогорку окуу жайларында окуйт болсо дагы болот)
  • Ата-энелердин же студенттин өзүнүн майыптыгы бар болсо ошол боюнча документтерин каттоо учурунда алып келиши керек.

 

 

ТУРАК АКЫСЫ

“A” БЛОК ЖАТАКАНАСЫ

“B” БЛОК ЖАТАКАНАСЫ

“C” БЛОК ЖАТАКАНАСЫ

ДАЯРДОО КУРСУНДА ОКУГАН СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН

 

 

11.400 сом

 

11.400 сом

ЧОҢ КУРСТАРДА ОКУГАН СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН

 

Айына 1500 сомдон

 

Айына 1200 сомдон

 

Айына 1200 сомдон

 

 

 

 

*Жатакана акысы үчүн катто учурунда сөзсүз толук төлөм алынат.