Бийик кыялдар ишке ашкан жер – Кыргыз-Түрк “Манас” университети
Өз учурунда гениалдуу чыгармалары менен бүткүл адамзатка терең таасир калтырып, атагы дүйнөгө таанымал болгон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов көзүнүн тирүүсүндө окуу жайыбыздын маданий кеңешчиси катары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Университеттин иш-чараларынын биринде улуу жазуучунун: “Ээнсиреген бош жерде Кыргыз-Түрк “Манас” университети куруларын, имараттар салынып, анда миңдеген жаштарыбыз дүйнөлүк деңгээлде билим алып, XXI кылымга руханий жана илимий салым кошот деп ким ойлоптур… Бул – тарыхтын бизге берген мүмкүнчүлүгү,” – деп айтканы бар.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун университетибиз жөнүндө жогорудагы мааниси терең, баа жеткис сөзүндө айтылгандай, “Манас” университети бир мезгилде идея катары, жетүүгө мүмкүн болбогон кыял болуп жашап келген. Күндөрдүн биринде дал ошол идея ишке аша турган кубанычтуу мезгил келип, жүрөктү эзген кусалык тарап, Түрк атанын балдары бири-бирин тапты. Кылымдар бою бири-биринен узак жашаган боордош элдердин ортосунда түзүлгөн байланыштын шарапаты менен биргелешип жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын гуманитардык жааттагы инвестициясы катары эң эле маанилүү долбоор болуп эсептелген Кыргыз-Түрк “Манас” университети курулду. Чыңгыз Айтматов айткандай, ким ойлоптур!...
Коомчулуктун купулуна толуп, бийик максат көздөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университети өзүнө ишеним арткандардын үмүтүн актады, түрк элдеринин сыймыгы болуп, кубанычка бөлөдү. Түркстан регионунун мыкты жаштарын жогорку сапаттагы кесипкөй адис кылып тарбиялаган тандамал окуу жай катары түрк элдеринин башын бириктирген түндүккө айланды. Айрыкча акыркы жылдары жетишкен жогорку ийгиликтеринин натыйжасында эл аралык рейтингдерде алдыңкы орундарга ээ болду.
Эл аралык аренада жогорку жетишкендиктер
Кыргыз-Түрк “Манас” университети бүгүн:
Дүйнөлүк марка болуу максатына карай сапар
Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Режеп Тайип Эрдоган менен Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Жапаров тарабынан колдоо таап, эки боордош мамлекет тарабынан түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университети түрк дүйнөсү тарабынан көрсөтүлгөн чоң ишенимди актоо үчүн жоопкерчилик менен эмгектенип, өмүрүн түрк дүйнөсүнө кызмат кылууга арнаган, Түркстан аймагын жакшы таанып, байыркы тарых жана археология тармагында эмгектенген тарых илимдеринин доктору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилиги астында дүйнөлүк маркага айлануу максатына жетүү үчүн жигердүү иш алып барууда.
Окуу жайдагы жогорку жетишкендиктер
Айрыкча акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз-Түрк “Манас” университети чоң жетишкендиктерге жетишип, натыйжада:
Жардам колун сунуу
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин максаты жалаң гана жогорку билим берүү эмес. Университет бардык мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердүүлүгү менен Кыргызстанга, ошондой эле бүткүл түрк дүйнөсүнө социалдык кызматтарды көрсөтүүнү көздөйт. Ушул себептен улам университеттин урааны да бекеринен “Университеттен да артык” деп аталбайт.
Окуу жайыбызда коомдук жоопкерчилик түшүнүгүнө ылайык, көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мунун бир айкын мисалы – “Манас” университетинин атынан айылдарга жана мектептерге баруу” долбоору. Бул иш-чаранын алкагында университеттин академиялык жана административдик түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган топ айылдарга барып, ал жердеги мектептерде жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Бул жөн гана жолугушуу болбой, алардын көйгөйлөрүн угууга, андан соң аларды чечүүнүн үстүндө иштөөгө багытталган.
Маселен, мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу билим ала албай калган Кыргызстандын жараны Апсатар кызы Токтобүбүнү “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары кабыл алып, университеттин ардактуу бүтүрүүчүсү катары тааныйбыз. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Түркияга дарыланууга жана эс алууга жөнөткөн да дал ушул “Манас” университети.
“Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуунун артыкчылыктары
“Манас” университетинин студенти болуу – бул артыкчылык. Университеттин студенттерине берилген көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн ичинен төмөнкүлөрдү өзгөчө белгилеп көрсөтсөк болот:
Күн сайын адам бойдон калуу
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери адеп-ахлактуу, тартиптүү, тырышчаак, чынчыл экени менен да белгилүү. Университеттин жаштарды татыктуу адам кылып тарбиялоо түшүнүгүнө ылайык, Чыңгыз Айтматов баса белгилегендей, студенттер күн сайын адам бойдон калууну билиши керек. “Манас” университети да студенттеринин адам болуу үчүн зарыл болгон жакшы сапаттарга ээ, бардык тараптан үлгүлүү инсан болушуна күч-аракетин жумшайт).
Салтыбызды сактоо менен бийик максаттарга жетүү
“Манас” университетинин идеясы боюнча, студент билим алып жаткан учурда гана эмес, окуусун бүтүргөндөн кийин да “Манас үй-бүлөсүнүн” мүчөсү болуп кала берет. “Манас үй-бүлөсүнүн” мүчөсү болуу – Манас атабыздын жана адамзаттын бактылуу жашоосу үчүн көптөгөн цивилизацияларды түптөгөн ата-бабаларыбыздын жолун улоо, маңкурт болуп калбоо. “Манастын” бүтүрүүчүлөрү түпкү тамырын унутпастан, замандын талабына ылайык, сыймыктанарлык жана эң мыкты сапаттарга ээ болуу менен университеттин атын дүйнөгө таанытып жатышат.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эшиги ар дайым алдыга максат койгон, ийгиликке жетүүнү көздөгөн, өзүнө, үй-бүлөсүнө, Мекенине жана элине пайдалуу болуу ураанын карманган, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн кызмат кылууну жана лидер болууну максат кылган бардык адептүү жана ак ниет жаштарга ачык.
Биздин уюм жана статусубуз:
Биз – Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасы ортосунда 1995-жылдын 30-сентябрында кол коюлган макулдашууга ылайык түзүлгөн Өзгөчө Макамдагы Мамлекеттик Университетпиз.
Биздин Камкорчулар Кеңешибиз:
Университетибиздин жалпы башкаруусу биргелешкен башкаруу принцибине ылайык, эки тараптуу өкмөттөр тарабынан дайындалган сегиз мүчөдөн турган Камкорчулар Кеңеши тарабынан жүргүзүлөт. Камкорчулар Кеңешинин төрагасы – профессор, доктор Ибрахим ЧАПАК.
Биздин миссиябыз:
Биздин университет түрк мамлекеттеринин ортосунда тил, илим, тарых, адабият, маданият, искусство, экономика жана спорт тармагындагы кызматташтыкты эң жогорку деңгээлге жеткирүүнү, ошондой эле гуманитардык баалуулуктарды жаратуу аркылуу универсалдык деңгээлге жетүүнү максат кылат.
Биздин көз карашыбыз:
Түрк дүйнөсүнүн бай мурастарына таянып, эл аралык деңгээлде “Сыймыктуу, Ишмердүү жана Таанылган Университет” болууга умтулабыз. Биз дүйнөлүк аренада өзүн далилдеген, бай академиялык тажрыйбага ээ, лидерлик сапаттарды камтыган, жигердүү катышуучу философиясы бар жана Түрк дүйнөсү менен бирге цивилизацияга салым кошкон жогорку окуу жайы болууну көздөйбүз.
Биздин максаттарыбыз:
• Билим берүүдө эл аралык бренд болуу;
• Илимий изилдөөлөрдө көңүл борбору болуу;
• Коом жана ишкер чөйрө үчүн чыныгы баалуулукка ээ болуу;
• Дүйнөлүк илимге салым кошуу;
• Интернационалдашуу жаатында үлгүлүү университет болуу;
• Түрк дүйнөсүнүн биримдигинде жана өнүгүүсүндө таасирдүү күч болуу.
Окуу тилибиз:
Университетибизде окутуу тили – түркчө жана кыргызча. Даярдоо класстарында бул эки тил жогорку деңгээлде үйрөтүлөт.