2021-11-16


«Кыргызстандын жапайы токойлорунда жана мөмө өстүрүүчүлүктө бактериялык күйүк илдетинин жайылуусу, зыяндуулугу жана илдетти алдын алуу чаралары» аттуу улуттук семинар өткөрүлдү


2021 -жылдын 21 -октябрында Айыл Чарба  факультеттин Өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасында Фауна жана Флора уюму менен бирдикте Швейцариялык илим фонду тарабынан каржыланган эл аралык долбоордун алкагында (Кыргызстандагы долбоордун координатору, проф. Тинатин Дөөлөткелдиева) «Кыргызстандын жапайы токойлорунда жана мөмө өстүрүүчүлүктө бактериялык күйүк илдетинин жайылуусу, зыяндуулугу жана илдетти алдын алуу чаралары» аттуу улуттук семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты - Кыргызстандын бардык региондорунун токой чарбасында, мөмө питомниктеринде жана бакчаларында бактериалдык күйүктү коркунучтуу жана карантиндик илдет катары аныктоо боюнча долбоордун жыйынтыктарын жайылтуу.

Семинарга Жалал-Абад, Ош, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарынан карантиндик, фитопатологиялык, токсикологиялык лабораториялардын жетекчилери жана адистери катышты. Биофабрикалардын жана биолабораториялардын жумушчулары, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча консультациялык кызматтар, фермерлер, токойчулар жана башка кызыкдар адамдар катышты.

Семинарды факультеттин деканы, профессор Атилла Дурсун ачты. Өз сөзүндө ал коркунучтуу оору – бактериялык күйүктүн таралышында өз убагында мониторинг жүргүзүү жана карантиндик иш-чаралардын ролуна токтолду. Ал факультетте жүргүзүлгөн бул долбоорду колдогону үчүн илимий фондго жана долбоордун аткаруучуларына ыраазычылык билдирди.

Профессор Тинатин Дөөлөткелдиева өз баяндамасында республиканын аймактарында данектүү мөмө дарактарынын илдетинин очокторун аныктоо долбоорунун маанилүү натыйжалары жана бул оорунун таралышы кандай коркунучтарды жаратып жаткандыгы менен кеңири тааныштырды. Флора жана Фауна уюмунун өкүлү Ормон Султангазиев өзүнүн презентациясында бул уюм жергиликтүү токой чарбасында жашагандарга  токой экосистемасынын уникалдуу биоартүрдүүлүгүн сактоого кантип жардам берип жаткандыгы  жөнүндө айтып берди.

Доктор Махабат Коңурбаева өз презентациясында бул коркунучтуу оору менен күрөшүү чаралары тууралуу маалымат берди.

Семинардын катышуучулары сунушталган презентацияларды жана алынган маалыматты талкуулоого активдүү катышты. Аймактык лабораториялардын көптөгөн жетекчилери өсүмдүктөрдү коргоо боюнча фитопатолог, энтомолог жана башка адистиктердин жоктугунан жергиликтүү аймактык лабораториялар башынан өткөргөн кыйынчылыктар жөнүндө айтышты. Ошондой эле алар КТМУ Өсүмдүктөрдү Коргоо Бөлүмүнөн өтө муктаж болгон өсүмдүк илдеттерин туура аныктоого жардам берүүнү суранышты.

Семинардын маанилүү бөлүгү болуп Фауна жана Флоранын жана Швейцариянын Илим Фондунун колдоосу менен басылып чыккан: Бактериялык күйүк Erwinia amylovora (ооруну аныктоо жана көзөмөлдөө боюнча методикалык колдонмо) китеп-брошюранын бет ачары болду. Бардык катышуучуларга бирден китеп таратылды. Акырында бардык катышуучулар кофе -брейкке жана талкууну Өсүмдүктөрдү Коргоо Бөлүмүнун  лабораторияларын кыдырып көрүү менен улантууга чакырышты.

Ошентип, семинар өз максатына жетип, өз ишин ийгиликтүү аяктады – дыйкандар, жергиликтүү адистер менен түз баарлашуу жана илимий-практикалык кеңештерди берүү боюнча пикир алмашуу жүрдү.