Декандан сөз

Баракчанын урматтуу меймандары,

Белгилүү болгондой, дүйнѳдѳ айыл чарба тармагынын маанисинин зор экендиги бара-бара түшүнүл ѳ баштады. Айыл чарба, адам баласынын жашоо турмушунун материалдык негизин түзгѳн азык-түлүктүн ѳндүрүлүүсү жана адамзатка зор максат менен кызмат кѳрсѳткѳндѳ рдүн сектору болуп эсептелет. Дүйн ѳ боюнча калктын санынын ѳсүүсү, ѳзгѳчѳ Кытай жана Индия сыяктуу калкынын саны кѳп болгон мамлекеттерде бакубаттулуктун артышына байланыштуу керект ѳѳ нүн артуусу, глобалдык климаттын бузулуусунун жыйынтыгында пайда болгон кургакчылык, сел жана ташкын сыяктуу жаратылыш кырсыктардык кѳп болуусу, күрѳшүүгѳ татаал болгон оору-сыркоолордун жайылуусу жана айыл чарба продукцияларынын биодизель, биобензин жана суутек түрүнд ѳ энергияны пайда кылууда колдонула башталуусу, ѳсүмдүк продукцияларына жана эт, сүт азыктарына талап барган сайын артууда.

Айыл чарба тармагы - экономиканы жана социалдык жашоо турмушту тең салмактоочу негизги секторлордун бири. Учурда айыл чарба тек гана күнүмдүк керектелүүгѳ багытталган үй-бүлѳ чарбачылыгынан чыгып, чоң капиталдар жумшалган манилүү бир экономикалык ишке айланган. Бир жагынан ѳлкѳлѳрдѳ жумуш күчүнүн иш менен камсыз болуусуна салымын кошуп жатып, экинчи жагынан да чийки сырьё менен индустриянын локомотиви болууда.

Айыл чарба тармагы - терең билимди, заманбап технологиядан пайдалануу негизине таянган, инсан менен жаратылыштын байланышын тең салмактаган, дайыма ѳзгѳрүүдѳ болуп турган кырдаалдарга ылайык жүргүзүлѳ турган маанилүү сектор болуп саналат. Айыл чарбада жаңы билим жана технологиянын ѳнүгүүсү жана анын жыйынтыгынын коомчулукта ордун табуусу үчүн билим, илимий-изилдѳѳ жана басмада ийгилик жаратуусу зарыл. Бул жагынан алганда, айыл чарба менен байланышта болгон факультеттердин жана башка билим берүү программаларынын мааниси даана кѳрүлүүдѳ .

Факультетибизде билим берүү, илимий-изилд ѳѳ жана басма (жарыя) иш чаралары Кыргызстан жана аймактын айыл чарба маселелерине учурдун ѳзгѳргѳн жана ѳнүккѳн шарттарына ылайык чечимдерди чыгара ала тургандай, улуттук жана эл аралык деңгээлде жүргүзүлүүдѳ .

Кыргызстанда ѳндүрүү наркынын тѳмѳн жана ѳндүрүмдүүлүгү жогору болгон конкуренттик айыл чарбанын түзүлүүсүнүнүн иш жүзүнѳ ашуусун каалоодобуз. Дал ушул максатта, коомдук мекемелер, жергиликтүү жетекчиликтер, ѳндүрүүчүлѳрүбүз жана фермердик уюшкан топторубуз менен биргеликте айыл чарба тармагында иш алып барган бардык шериктештерибизге кызматташууга даяр экендигибизди билдиремин.

Урматтоом менен,

Профессор доктор
Ахмет Айгун

Декан милдетин аткаруучу