Мѳмѳ-жемиш жана талаа ѳсүмдүктѳрү бѳлүмүндѳ билим берүү – даярдоо курсун аяктаган студенттердин 2009-2010-окуу жылында 1-курска катталуу баракчаларынын негизинде башталат.

Мѳмѳ-жемиш жана талаа ѳсүмдүктѳрү бѳлүмү сапаттуу билим берүү менен бирдикте, ѳнүккѳн дүйнѳлүк стандартына ылайык айыл-чарба техникаларын билген жана аны иш жүзүндѳ колдоно билген, чечкиндүү иштеген айыл чарба инженерлери адистигине даярдоону максат кылууда.

2012-2013-окуу жылынын соңунда алгачкы бүтүрүүчүлѳрүбүз университетибизди аякташты.

Бѳлүмүбүздѳ бакалавр мѳѳнѳтү 4 жыл, тил билүү деңгээли тѳмѳн болгон студенттер үчүн 1 жыл даярдоо курсу берилүүдѳ.

Балон системасына ылайык окууну аяктаган студенттерибиз Түркия жана Кыргызстан мамлекети тарабынан берилген бакалавр дипломун жана дипломдун тиркемесин алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бүтүрүүчүлѳрүбүз “айыл чарба инженери” адистиги боюнча кызматка орношуп жатышат. Сабактар иш участокторунда,  лабораторияларда жана практика жүзүндѳ жүргүзүлүүдѳ.

Бѳлүмдүн окуу пландары, эл аралык стандартка ылайык даярдалган. Корпус, аудитория, лаборатория, изилдѳѳ, колдонмо фермасы жана башка базалардын түзүлүүсүндѳ да учурдагы илимий талаптардын айланасында пландоо жана инвестициялар жасалууда.

Факультетибизди аяктаган айыл чарба инженерлери, айыл чарба секторунун жаңыдан жандануусун иш жүзүнѳ ашыра турган жана Кыргызстандын ѳнүгүүсүнѳ салым кошо турган жол баштоочулардан болушат.

Бөлүмдүн катчысы

Ажар Кенешбекова

Телефону: 492781-82

Кошумча: 2069

Кабинет: ZİRF-215