2026-05-01
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында Л. В. Толстунов атындагы №12 жалпы билим берүү мектебинин окуучуларына киберзомбулук менен күрөшүү жолдору тууралуу окутуу өткөрүлдү. 29-апрелде өткөрүлгөн семинарда журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Асылай Тороева жана Алтынай Досубекова мектеп окуучуларына онлайн куугунтук, санариптик коопсуздук, социалдык тармактардагы тобокелдиктер жана жардам алуу механизмдери боюнча маалымат беришти.
Изилдөөдөн аудиторияга чейин жеткен долбоор
Бул семинар КТМУнун доц., др. Ниязи Айхан, доц., др. Эрдоган Акман жана доц., м.а. др. Топчугүл Нармаматовалар жүргүзгөн «Санариптик трансформация жана билим берүүдөгү киберзомбулук: Кыргызстандагы балдардын баалоосу» аттуу изилдөөнүн практикалык бөлүгү катары ишке ашырылды. ЮНЕСКОнун Саламаттыкты сактоо жана билим берүү ресурстук борборунун (UNESCO Health and Education Resource Centre) «Кейс талдоолор жана изилдөөлөр» (Case Studies & Research) бөлүмүндө орун алып, эл аралык деңгээлде таанылган бул изилдөөдө маанилүү жыйынтыктар чыгарылган. Анда интернетти колдонуу жаш курактан баштап кеңири жайылганына карабастан, окуучулардын онлайн коркунучтарды таануу жана аларга туура жооп кайтаруу боюнча билими жетишсиз экени аныкталган. Илимий изилдөөнүн натыйжаларына таянып уюштурулган иш-чарада балдардын санариптик түзүлүштөргө жетүү ылдамдыгы алардын медиа сабаттуулук жөндөмүнөн ашып кеткени, мунун өзү жаңы тобокелдиктерди жана коопсуздук маселелерин жаратып жатканы баса белгиленди.
Изилдөө жыйынтыктары билим берүүнүн зарылдыгын көрсөттү
Доц.,др. Ниязи Айхан 13–16 жаш курагындагы окуучуларды камтыган изилдөөнүн жыйынтыктарына таянып, Кыргызстанда бул курактагы өспүрүмдөргө киберкоопсуздук боюнча билим берүү зарыл экенин белгиледи. «Биздин изилдөө киберзомбулуктун жайылышында жыныстык өзгөчөлүк, жаш курак жана социалдык-экономикалык шарттар негизги ролду ойноорун ачык көрсөттү. Эркек балдар көбүнчө онлайн оюндарда жана атаандаштык платформаларында агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүшсө, кыздар социалдык тармактарда куугунтукка көбүрөөк дуушар болушат. Өзгөчө 13–16 жаштагы өспүрүмдөр санариптик платформаларды активдүү колдонушканы менен, санариптик сабаттуулугунун төмөндүгү аларды дагы да аялуу кылат»,-дейт доц., др. Ниязи Айхан.
Ошондой эле Н. Айхан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана айыл жергелеринде жашаган окуучулар көбүрөөк тобокелдикке дуушар болорун, буга ата-энелердин көзөмөлүнүн чектүүлүгү жана санариптик коопсуздук боюнча маалыматтын аздыгы себеп экенин кошумчалады. Изилдөө жыйынтыктары мындай окутуу иш-чараларын жайылтуу зарылчылык экенин көрсөткөндүктөн, атайын семинарлар башталганын билдирди.
Киберзомбулуктун кесепеттери жана күрөшүү жолдору түшүндүрүлдү
Социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында даярдалган семинарда журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Асылай Тороева жана Алтынай Досубекова санариптик чөйрөдөгү агрессия кандайча пайда болорун жана анын кесепеттерин мисалдар менен түшүндүрүштү. Киберзомбулук жөн гана «тамаша» эмес, тескерисинче, адамдын психологиялык саламаттыгына түздөн-түз таасир этүүчү олуттуу көйгөй экени айтылды. Анонимдүү аккаунттар аркылуу жасалган билдирүүлөр реалдуу жана туруктуу психологиялык зыян алып келерине көңүл бурулду.
Иш-чарада ошондой эле агрессор, курмандык жана күбө ролдору каралып, өзгөчө күбөлөрдүн унчукпай калышы зомбулук жүрүм-турумдарын ого бетер күчөтөөрү айтылды. Спикерлер курмандыктарга өз убагында колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту. «Сен жалгыз эмессиң» деген ураандын алкагында уюштурулган семинарда окуучулардын мындай жагдайларга туш болгондо ата-энесине, мугалимине же адистерге кайрылуусу «даттануу» эмес, көйгөйдү чечүүнүн маанилүү бөлүгү экени өзгөчө белгиленди.
Окуучуларга «Токтот – Бөгөттө – Кабарла» модели тааныштырылды
Семинардын алкагында 7-класстын окуучуларына онлайн чабуулдарга туш болгондо жасала турган кадамдар тууралуу маалымат берилди. Спикерлер киберчабуулга каршы күрөшүү -куугунтуктаган адам менен талашып-тартышпоо, аккаунтту бөгөттөө жана далил катары экрандын сүрөтүн (скриншот) алып, абалды тиешелүү адамдарга билдирүү сыяктуу 3 негизги кадамдан турарын белгилешти. Ошондой эле киберзомбулук «тамаша» же «оюн» катары каралбашы керектигин, ал психологиялык кесепеттерди жараткан олуттуу коомдук көйгөй экенин баса белгилешти.
Ата-энелер жана мугалимдер үчүн колдонмо даярдалды
Изилдөөнүн алкагында бир гана окуучуларга эмес, чоңдорго да багытталган атайын маалыматтык материалдар даярдалды. Бул колдонмолордо зомбулуктун алгачкы белгилери, балдарга кандай мамиле кылуу керектиги жана расмий колдоо каналдарына кантип кайрылуу боюнча маанилүү кеңештер камтылган.
Өлкө боюнча жайылтуу пландалууда
Социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында өткөрүлүп жаткан бул семинарларды келечекте Кыргызстандын бардык аймактарына, өзгөчө алыскы айылдардагы окуучуларга жеткирүү максатталууда.



