Коомчулук менен байланыш, уюм жана анын максаттык топтору арасында өз ара сый урматка таянган эки тараптуу байланышты түзүү болуп саналат. Коомчулук менен байланыштын негизги максаты уюмдун саясаты жана максаттары алкагында иш-аракеттерди кеңири жүргүзүп, коомчулуктун сый урматына жана түшүнүшүнө ээ болуу. Бул үчүн коомчулук менен байланыш, коомчулуктун ишенимине татыктуу болуу үчүн иштешет. Коомчулука багытталган изилдөөлөрдү жүргүзөт жана бул изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктардын негизинде уюмдун саясатын аныктайт. Уюм коммуникациясы, маркетинг коммуникациясы, уюм идентификациясы, марка башкаруусу, имиджди жана репутацияны башкаруу, антикризистик башкаруу, уюмдун миссиясы жана максаттарынын аныкталышы, социалдык жоопкерчилик долбоорлорун иштеп чыгуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү коомчулук менен байланыштын функциялары болуп эсептелинет.

Реклама болсо массалык маалымат каражаттарынан эфир, аянт жана убакыт сатып алып кандайдыр бир товар жана кызматты таанытуу жана ага суроо-талап жаратуу, ага жаңы көз караш жана жүрүм-турумдарды кабыл алдыруу, адамдардын көңүлүн продукт, кызмат же пикирге тартуу, белгилүү бир ой-пикирге багыттоо жана ынандыруу максатында жасалган иш- чаралардын жыйындысы болуп эсептелинет.

Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмү креативдүү ой жүгүрткөн, рыноктун талабына жооп бере ала турган маалыматтык технологияларды өздөштүрө алган адистерди даярдайт. Окутуу программасы коммуникация боюнча жалпы дисциплиналарды, ошондой эле коомчулук менен байланыш, жарнама, менеджмент, журналистиканын негиздери, маркетинг, графика жана дизайн, анимация сыяктуу тар чөйрөгө багытталган дисциплиналарды камтыйт. Алгачкы эки жылда студенттер коммуникацияга киришүү, журналистика тарыхы, философия, социология, экономика, социалдык психология, саясат таанууга киришүү, коммуникация теориясы сыяктуу дисциплиналар боюнча жалпы курстардан өтүшөт. Үчүнчү курстан баштап программага милдеттүү адистештирилген жана тандоо предметтери кирет. Адистештирилген предметтер PR жана жарнамалык кампанияларды пландаштыруу, PR жана жарнамалык тексттерди жазуу, жарнамалык талдоо, маркетинг, өнүккөн анимация, керектөөчүлөрдүн жүрүм-туруму. Тандоо предметтерин студент өзү тандайт. Аларга иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, эл аралык коомчулук менен байланыш, презентация ыкмалары, корпоративдик иденттүүлүк жана брендди башкаруу, жарнама фоточеберчилиги, имиджди башкаруу, онлайн жарнама, медиа пландоо сыяктуу дисциплиналар кирет.

Бөлүмдүн катчысы

Турдукан Кыштообайева

Телефону: 492762-65

Кошумча: 853

Кабинет: İLEF-305