Кыскача

 

Кыргыз–Түрк Манас университетинин Экономика жана башкаруу факультети 1997–1998-окуу жылында ишин баштап, 2002-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. Факультет 2004-жылы Жал кампусундагы заманбап имаратка көчүрүлгөн.

Факультетибиздин негизги максаты – жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдеги билим жана көндүмдөргө жана ишкердик духка ээ, өз ишин ача алган же болбосо мамлекеттик жана жеке сектордо ийгиликтүү эмгектене алган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат. Бул максатты ишке ашыруу үчүн факультет керектүү материалдык-техникалык базага, заманбап технологиялык жабдууларга жана күчтүү академиялык кадрларга ээ.

Факультетибизде Экономика, Менеджмент жана Эл аралык мамилелер бөлүмдөрү, ошондой эле Финансы жана кредит программасы бар. Факультетте Түркия жана Кыргызстандан келген өз тармагында тажрыйбалуу жана жогорку квалификациялуу окутуучулардан турган күчтүү академиялык жамаат иш алып барат. Академиялык курам студенттерге теориялык жана практикалык багыттагы комплекстүү билим берип, жүргүзгөн сапаттуу изилдөөлөрү, эл аралык долбоорлору жана илимий жарыялары аркылуу илим дүйнөсүнө олуттуу салым кошуп келет.

Факультетибиз заманбап илимий жетишкендиктердин негизинде академиялык программаларын үзгүлтүксүз жаңылап, студенттерди бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген билим жана көндүмдөр менен камсыз кылууну максат кылат. Окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт, ошондой эле сабактардын 30 пайызы англис тилинде өтүлөт. Бул багытта бардык бөлүмдөрдө кыргыз–түрк–англис тилдери боюнча тилдик даярдоо программалары иш алып барат. Натыйжада факультетибиз эл аралык стандарттарга жооп берген, кеминде эки чет тилди эркин колдоно алган адистерди даярдайт. Мындан тышкары, ийгиликтүү студенттерге эл аралык тажрыйба топтоо максатында Erasmus+ жана Орхун алмашуу программалары, ошондой эле чет өлкөлөрдө стажировка мүмкүнчүлүктөрү сунушталат.

Учурда факультетте даярдоо программасын кошкондо жалпы 656 студент билим алууда. 2002-жылдан бери жалпы 1 858 студент окуусун ийгиликтүү бүтүргөн. Бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана ошондой эле Европа жана Америкадагы бир катар мамлекеттерде иштеп келишет. Алар мамлекеттик сектордо (мамлекеттик органдарда, муниципалитеттерде жана мамлекеттик мекемелерде жетекчи жана адис кызматтарында), жеке сектордо (банк иши, финансы, камсыздандыруу, маркетинг жана башкаруу тармактарында), академиялык жана изилдөө мекемелеринде (университеттерде жана изилдөө борборлорунда), ошондой эле эл аралык уюмдарда (Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк сыяктуу мекемелерде адис жана кеңешчи катары) эмгектенишет.

Факультетибиз заманбап билим берүү шарттарын камсыз кылган кеңири материалдык-техникалык базага ээ. Экономика жана менеджмент симуляцияларына ылайыкталган эки маалыматтык анализ лабораториясы, жогорку технология менен жабдылган акылдуу аудиториялар, академиялык ресурстарга жана онлайн маалымат базаларына бай китепкана студенттерге сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Факультет академиялык ишмердүүлүк менен катар социалдык жана маданий иш-чараларга да өзгөчө көңүл бурат. Студенттер улуттук жана эл аралык илимий сынактарда, конференцияларда жогорку ийгиликтерди багындырып келишет. Мындан тышкары, университеттеги студенттик клубдар аркылуу маданий иш-чараларды, семинарларды жана социалдык жоопкерчилик долбоорлорун уюштуруп, лидерлик, баарлашуу жана команда менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Ушул багытта Экономика жана башкаруу факультетибиз академиялык жетишкендиктер менен бирге студенттердин социалдык жана маданий өнүгүүсүн колдогон комплекстүү билим берүү түшүнүгү менен академиялык жактан жогорку деңгээлдеги, социалдык жоопкерчилиги күчтүү жана лидерлик сапаттарга ээ инсандарды тарбиялоону улантууда.