Изилдөө

Экономика факультети 1997-жылы түзүлгөн жана ага Кыргызстандан жана Түркиядан эң квалификациялуу адистер тартылган. Кафедра фундаменталдык дисциплиналарды окутуу менен бирге ар кандай илимий иш-чараларды уюштуруп турат. Глобалдашуу, экономикалык интеграция, өткөөл экономика сыяктуу темаларда илимий конференциялар уюштурулду. Студенттерге экономиканы мамлекеттик тилде окууга жардам берүү максатында беш окуу китеби жарык көрдү.

2004-2014-жылдар аралыгында биздин факультет тарабынан 276 эмгек жарык көргөн, анын ичинде макалалар, окуу китептери, монографиялар. Биздин профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер квалификациясын тынымсыз жогорулатып, тажрыйба алмашып, ар кандай илимий долбоорлорго активдүү катышууда. Биз ошондой эле «Реформа» атындагы экономика журналын чыгарып турабыз. Анда орус, түрк, кыргыз жана англис тилдеринде актуалдуу экономикалык темадагы макалалар жарык көрөт.

Бөлүм тарабынан төмөндө көрсөтүлгөндөй иш аракеттер жүргүзүлгөн:

1. 02-04-май 2002-жылы “Ааламдашуу жана Өткөөл Экономикалар Эл аралык Симпозиуму”
2. 25-декабрь 2003-жылы “Базар Экономикасына Өтүү Процессинде Өткөөл экономикалар Эл аралык Конференциясы”
3. 23-24 –сентябрь 2004-жылы эл аралык Манас Университети 1.Экономика Конгресси
4. 9-11-октябрь 2008-жылы «Өткөөл экономикаларда өнүгүү жана интеграция” аталышындагы экинчи эл аралык Экономика Конгресси
5. 17-декабрь 2008-жылы Кыргызстандагы Кытай элчилиги тарабынан “Ден Сяопиндин экономикалык реформаларынын 30-жылы” атуу конференциясынын уюштурулушу
6. 30 – апрель 2009-жылы “Финансылык кризистин Кыргызстандын жана Түркиянын экономикасына тийгизген таасири” аталышындагы Университеттердин арасындагы Студенттик Конференция
7. 25-март 2010-жылы “Кыргызстан жана Түркия ортосундагы экономикалык байланыштар: көйгөйлөрү, чечүү жолдору жана келечеги” аталышындагы Университеттердин арасындагы Студенттик Конференция
8. 14 – апрель 2011 –жылы «Кыргызстандын экономикасынын стабилдүүлүгүн камсыздоо: башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана ички потенциал» аталышындагы Университеттердин арасындагы Студенттик Конференция
9. 12 – 14 октябрда 2011-жылы биздин бөлүм менен Т. М. Т.Р. Бейкент университетинин экономика бөлүмү тарабынан биргелешип Евразия экономикасы боюнча Эл аралык Конференция өткөрүлдү
10. 24 – апрель 2012 – жылы «Кыргызстандагы Кызмат көрсөтүү сектору: көйгөйлөрү жана чечүү жолдоруу» аталышындагы Университеттердин арасындагы Студенттик Конференция
11. 17 –апрель 2013 –жылы « Кыргызстандын секторлорунун жана регионалдуу атаандаштыктын анализи» аталышындагы Университеттердин арасындагы Студенттик Конференция

12. 2015-жылдын 9-11-сентябрында Казань шаарында Бейкент университетинин экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция.

13. 2016-жылдын 29-31-августунда Бейкент университетинин экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция Капошвар, ВЕНГРИЯ

14. 2017-жылдын 10-12-июлунда Бейкент университетинин экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция Түркиянын Стамбул шаарында 2017-жылдын 5-7-октябрында Бишкек шаарында Бейкент университетинин экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция.

15. Бейкент университетинин экономика факультети тарабынан 2018-жылдын 18-20-июнь күндөрү Ташкент шаарында уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция.

16. 2019-жылдын 11-13-июнь күндөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Фамагуста шаарында Бейкент университетинин Экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция.

17. 2020-жылдын 2-4-сентябрь күндөрү Баку шаарында Бейкент университетинин Экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция.

18. 2021-жылдын 24-25-август  күндөрү Стамбул шаарында Бейкент университетинин Экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция

19. 2022-жылдын 20-22- сентябрь   күндөрү Баку шаарында Бейкент университетинин Экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция

20. 2023-жылдын 19-20- сентябрь  күндөрү Измир шаарында Бейкент университетинин Экономика факультети тарабынан уюштурулган Евразия экономикалары боюнча эл аралык конференция

Мындан башка студенттердин аң сезимин өстүрүү, алардын психологиялык жана физикалык жактан күчтүү болушун камсыз кылуу максатында коомдук жана дене тарбиялык иш аракеттер дагы уюштурулат. Студенттерибиздин бул багытта жетишкен ийгиликтери жана ар кандай сыйлыктары да бар.

Мына ушул бардык иш-аракеттер студенттерибиздин илимий жана коомдук багытта өнүгүшүн камсыз кылуу менен университетибиздин Кыргызстанда жакшы таанылышына кызмат кылууда.