Эл аралык мамилелер клубу 2008-жылы түзүлгөн. Клубдун негизги максаттары: студенттердин кызыкчылыктарын коргоо, алардын демилгелерин ишке ашыруу, студенттерди активдештирүү жана окутуу. Клубдун алкагында биздин студенттердин өнүгүүсүнө багытталган ар кандай иш-чаралар түзүлгөн. Бул иш-чараларга Talking клубдары, интеллектуалдык оюндар (Brain Ring), студенттик конференциялар жана ар кандай темадагы семинарлар кирет.