Эл аралык мамилелер бөлүмү 2007-жылында ачылып биринчи бүтүрүүчүлөрүн 2011-жылында чыгарды. 

Эл аралык мамилелер бөлүмү азыркы күндө Кыргызстандагы Болониялык системанын өркүндөтүлүшүнө багытталган жана Кыргызстан, Туркия менен Батыш өлкөлөрүнүн стадарттарына ылайык иштелип чыккан курстардын окуу программасы менен иштеп жатат. Болония процесси боюнча иштелип чыккан курстардын окутуу программасы студенттерге белгилүү адистештирүү тармагын тандоого мүмкүнчүлүк берет. Булар эл аралык же салыштырмалуу саясат, эл аралык уюмдар, эл аралык укук, эл аралык экономикалык мамилелер, коопсуздук көйгөйлөрү сыяктуу тармактарга бөлүнөт. Негизги сабактар менен кошо; экономика, укук, актуалдуу маселелерди камтыган жана башка сабактар окуу программасына киргизилген. Англис (курстардын 30%и англис тилинде өткөрүлөт), кытай жана орус тилдерине өзгөчө маани берген, тандоо сабактарды камтыган окуу программасы, студенттерге адистиги боюнча өз каалаган тармакты тандоого мүмкүнчүлүк берет. Бул студенттердин келечектеги карьерасын тандоого жана аныктоого мүмкүнчүлүк түзүп берет. Окутуу убагында студенттерге сапаттуу билим берилип, билим деңгээли катуу (сынактар, тапшырмалар, проектылар) көзөмөлдөнөт. Ошентип эл аралык мамилелер бөлүмү эл аралык стандарттарга ылайык экиден ашык чет тил билген квалификациялуу адистерди даярдайт. Мындан тышкары ийгиликтүү студенттерге чет өлкөдө практикадан өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ошондой эле 2012-жылдан баштап «Эл аралык мамилелер» багытында магистратура программасы ачылып бул программанын негизинде кесиптик жана илимий багытта билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окуу процессинде алган билим менен бул бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар жана бизнес компаниялар сыяктуу ар түрдүү чөйрөдө, ошондой эле аналитикалык жана илимий изилдөө тармактарында иштөөгө, Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн каалаган ЖОЖдорунда окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берилет.