Менеджмент  бөлүмүндө окутуу бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча жүргүзүлөт.

Бакалавриат

Жогорку кесиптик билим алууга талапкер болгон абитуриенттердин билим деӊгээли - жалпы орто билим болушу керек.

Абитуриенттин жалпы орто билимин же орто кесиптик билимин (же кесиптик башталгыч билими) тастыктаган жалпы орто билими же жогорку кесиптик билими боюнча мамлекеттик үлгүдөгү документи болушу керек.

Менеджмент багыты боюнча бакалавр программасынын ишмердүүлүгү төмөнкүлөргө багытталган:

- тез өнүгүп жаткан атаандаштык чөйрөгө бат жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ, инновацияларга ачык, аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ кесипкөй менеджер катары кесиптик ишмердүүлүк;

- жаңы кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүү, аларды заманбап талаптарга ылайык тереңдетүү жана байытуу;

- өздөрүнүн билимдерин жана көндүмдөрүн толуктоо үчүн заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу;

- уюштуруучулук жана башкаруучулук билимди жана көндүмдөрдү жогорулатуу.

Менеджмент бакалавры боюнча бакалавр программасы төмөндөгү кесиптик иш-чараларды жүзөгө ашырат:

- илимий-изилдөө иш-чаралары,

- уюштуруучулук жана ишкердик иш-чаралары,

- башкаруучулук иш-чаралары,

- консультация берүү иш-чаралары.

Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү окуу жайды аяктагандан кийин, негизинен Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин жеке секторлорунда ийгиликтүү ишке орношуп жатышат.