Бүгүнкү күндө 10 ири эл аралык деңгээлде илимий-практикалык конференция уюштурулган. Конференциялардын жумушчу тилдерин кыргыз, түрк, англис жана орус тилдери түзгөн. Жалпысынан конгресс жана конференцияларга 25тен ашык мамлекеттин окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү катышкан.

1. Эл аралык деңгээлде ишке ашкан алгачкы конгресс “1- Евразиялык чакан жана орто ишканалар” деген аталышта Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы (TIKA) менен биргеликте 2001-жылдын июнь айында Бишкек шаарында өткөн. 73 илимий макаланы камтыган жыйнак басып чыгарылган.

2. Илимий жана бизнес чөйрөдө салтка айланган эл аралык ишкердүүлүк конгресстер сериясынын максаты -  өнүгүп келе жаткан экономикаларда ишкердүүлүккө түрткү берүү; ишкердүүлүктүн маанисине көңүл буруу жана анын орчундуу маселелерин талдоо; ишкердүүлүк жана илим чүйрөсүнүн карым – катнашын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. 
  

  1-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси 2006-жылдын май айында өткөрүлгөн. 59 илимий макаланы камтыган жыйнак басып чыгарылган.

  2-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси 2008-жылдын май айында өткөрүлгөн. 81 илимий макаланы камтыган жыйнак басып чыгарылган.

  3-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси  2011-жылдын 17-19 май айында өткөрүлдү. 63 илимий макаланы камтыган жыйнак басып чыгарылган.

   4-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси  2012-жылдын 03-04 май айында Түркия Республикасынын Маниса шаарында КТМУ жана Желал Байар университети менен биргеликте өткөрүлдү.  

   5-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси  2013-жылдын 05-07 июнь айында Казакстандын Алматы шаарында КТМУ, Желал Байар университети  жана Сулейман Демирель Университети менен биргеликте өткөрүлдү.

   6-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси  2014-жылдын 24-26 апрель айында Бишкек шаарында өткөрүлдү.

 7-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси 2016-жылдын 12-14 май айында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Желал Байар университети менен биргеликте өткөрүлдү.

   8-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси 2017-жылдын 14-16 май айында Түркияда Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Балыкесир университети жана Маниса Желал Байар университети менен биргеликте өткөрүлдү.

   9-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси 2018-жылдын 10-12 май айында Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Маниса Желал Байар университети жана Балыкесир университети менен биргеликте өткөрүлдү. 

 10-эл аралык «Ишкердүүлүк» конгресси 2019-жылдын 25-26 апрель айында Маниса шаарында Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Сельчук университети жана Маниса Желал Байар университети менен биргеликте өткөрүлдү. 

Башка иш-чаралар

Илимий-практикалык конференциялардан тышкары Менеджмент бөлүмүнүн окутуучулар курамы тарабынан рынокко багытталган бизнес чөйрөсүнүн муктаждыктарына ылайык практикалык семинарлар жана окутуу программалары уюштурулуп турат.
1. “Маркетинг жана сатуу персоналын окутуу” программасы Кыргыз-Түрк Ишкерлер коомуна мүчө ишканалардын персоналына 1 айлык мөөнөттө 2005-жылдын апрель-май айларында ишке ашырылган.
2. Кыргызстандык “Стимул” ишканасынын персоналына карата “Сатуу жана маркетинг” окутуу программасы 2010-жылдын май айында 1 айлык мөөнөттө ишке ашырылган.

3. “Мевлана” алмашуу программасы алкагында 1-3-декабрь аралыгында университетибизге конок болуп келген Желал Баяр Университетинин окутуучусу проф., PhD. Мелтем Онай тарабынан “Лидерлик теориялары” аттуу семинар өткөрүлдү.

4.“Мевлана” алмашуу программасы алкагында 09-13-февраль аралыгында университетибизге конок болуп келген Афйон Кожатепе Университетинин окутуучусу проф., PhD. Белкыс Өзкара тарабынан “Kendi Yaşamının Efendisi Ol” аттуу семинар өткөрүлдү.  

5.“Мевлана” алмашуу программасы алкагында 09-13-март аралыгында университетибизге конок болуп келген Карабүк Университетинин ЭжБ факультетинин деканы проф., PhD. Саит Ашгын тарабынан “Стратегиялык стресс жана убакытты башкаруу (Time management)” аттуу семинар өткөрүлдү.

6. “Эрасмус +” алмашуу программасы алкагында 15-май аралыгында университетибизге конок болуп келген Чукурова университетинин окутуучусу проф., PhD. Тургут Чүрүк тарабынан “Өлкөнүн бухгалтердик эсеп системасын аныктоочу факторлор” аттуу семинар өткөрүлдү.