Миссия

Бөлүмдүн алдыга койгон максаты Кыргыз-Түрк Манас Университетинин миссиясына ылайык: Электроника жана электр инженерлиги тармагы үчүн фундаменталдык жана кесиптик терең билимдерге ээ болгон, анын ичинде илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө,  жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо; өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга аракеттенген, кесиптик жоопкерчиликти сезе билген, чыныгы граждандык сапаттарга ээ болгон адистерди чыгаруу; эл аралык деңгээлдеги билим берүү жана илим-изилдөө иштерин аткаруу менен коомго кызмат кылуу болуп саналат.

Жалпы маалымат

Электроника жана электр инженерлиги бүгүнкү күнү тез өнүгүп келе жаткан инженерлерди даярдоонун бир багыты болуп эсептелет. Окуу программалары негизинен бакалаврлардын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жана өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөнүүсүн, илим изилдөөчүлүк көндүмдөргө ээ болушун максат кылуу менен түзүлгөн.

 “Электроника жана электр инженерлиги” кафедрасына адистик циклдеги дисциплиналар, практика жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация (бүтүрүү квалификациялык иштерин даярдоо жана коргоону уюштуруу) бекитилген. Бардык дисциплиналар боюнча силабустар - бүтүрүүчүлөрдун адистик билимине коюлган конкреттүү талаптарга ылайык жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлгөн.  Окуу мөөнөтү 4 жылдык. Бүтүрүүчүгө “Электроника жана электр инженерлиги” багыты боюнча бакалавр диплому ыйгарылат.