2022-06-21


“КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫНЫН КУРАМЫНЫН ТАБЛИЦАСЫ” АТТУУ ОКУУ КУРАЛЫ ЖАРЫК КӨРДҮ


Университетибиздин экология инженерлиги бөлүмүнүн PhD, д.м.а. Жаныл Искакова жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары т.и.д., профессор Мукарам Мусулманова, т.и.к., доцент Жамила Сманалиева, ошондой эле Словак Республикасынын Улуттук айыл чарба жана азык-түлүк борборунун тамак-аш илим-изилдөө институтунун инженери Анна Гиртлова тарабынан жазылган “Кыргызстандын тамак-аш азыктарынын курамынын таблицасы” аттуу окуу куралы жарык көрдү.

Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө туруктуу улуттук тамак-аш маалымат базалары бар жана белгилүү убакытта жаңыланып турат. Азык-түлүк рыногунун глобалдашуусу күч алган шартта, регионалдык жана эл аралык маалымат базаларын түзүү күндөн-күнгө актуалдуу болууда. Ошондой эле маалымат топтому клиникалык практикада, спорттук тамактанууда, коомдук саламаттыкты сактоодо, ден-соолукту чыңдоодо, илимий изилдөөдө ошондой эле тамак-аш өндүрүүдө маанилүү.

Бул илимий эмгекте жапайы жер жемиш, эт жана сүт азыктары, улуттук суусундуктар ж.б. химиялык курамы жана 11 улуттук даамдын ингредиенттери тууралуу маалыматтар кыргыз жана англис тилинде берилген. Тамак-аш курамы боюнча маалымат топтоо эл аралык EuroFIR Excellence Network уюмунун стандарттарына ылайык жүргүзүлгөн. Колдонмону басып чыгарууда Словак Республикасынын Улуттук айыл чарба жана азык-түлүк борборунун тамак-аш илим-изилдөө институту колдоо көрсөткөн.

Университетибиздин китепканасына окуу куралынын 5 нускасы тартууланды.