2022-10-11


Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн студенттеринин 2021-2022 окуу жылындагы STJ-202, STJ-302 Окуу жана өндүрүштүк практика ийгиликтери


2021-2022 окуу жылындагы STJ-202, STJ-302  Окуу жана өндүрүштүк практикалар боюнча Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 3-курс жана 4-курс студенттери Кыргызстан аймагындагы 20 дан ашык тамак-аш ишканаларында практикаларын ийгиликтүү өтүп келишкен. Студенттер ун, эт жана эт азыктар, сүт жана сүт азыктар, консерва, кондитердик, улуттук суусундуктар, кургатылган мөмө-жемиштер, коньяк жана арак өндүрүүчү ишканаларда практика өтүштү.