2025-10-27


Тамак-аш инженерлиги бөлүмү Erasmus+ KA171 программасынын алкагында эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоону улантууда.


Кыргыз-Түрк Манас университетинин Тамак-аш инженерлиги бөлүмү Erasmus+ KA171 программасынын алкагында эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоону улантууда. Ушул багытта, Бурдур Мехмет Акиф Эрсой университетинин профессору, PhD Севал КЫРДАР 2025-жылдын 13-17-октябрында Erasmus+ KA171 окутуучу мобилдүүлүгү (Teaching/Training Activities) программасынын алкагында биздин бөлүмдүн окутуу жамааты арасында тажрыйба алмашуу болду. Сапарынын жүрүшүндө профессор, Севал КЫРДАР Тамак-аш инженериясы бөлүмүнүн 1, 2, 3 жана 4- курс студенттери менен өзүнчө семинарларды өткөрүп, сүт технологиясы, салттуу сүт өндүрүшү, тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө жана тамак-аш өнөр жайындагы учурдагы өнүгүүлөр сыяктуу темалар боюнча маалымат бөлүштү.

 

Профессор, PhD Севал КЫРДАР жөнүндө

Профессор, PhD Севал КЫРДАР Бурдур Мехмет Акиф Эрсой университетинин Тамак-аш кайра иштетүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Анкара университетинин айыл чарба факультетинин сүт технологиясы бөлүмүн бүтүргөн профессор, КЫРДАР дагы ушул эле тармакта магистратура жана докторантура даражаларын алган. Анын изилдөө кызыкчылыктарына сүт жана сүт технологиясы, салттуу сүт азыктары, тамак-аштардын сапатты көзөмөлдөө жана башкаруу кирет. Профессор, Севал КЫРДАРдын биздин бөлүмгө академиялык тажрыйба алмашуу иш сапары студенттерибиз үчүн баалуу болду, эки университеттин ортосундагы академиялык жана маданий кызматташтыкты бекемдеди.