2024-06-12


И Раззаков атындагы КМТУнун Электроника жана телекоммуникациялар институтуна иш сапар


Шаршемби күнү, 2024-жылдын 12-июнунда биздин бөлүмдүн окутуучулары Dr. Селчук Гөрен жана Айбек Аданбаев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу  Электроника жана телекоммуникациялар институтунда Электроника жана телекоммуникациялар изилдөө инновациялык борборунда болушту. Иш сапар академиялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты бекемдөө жана технологиялык изилдөө долбоорлорун кароо максатында өткөрүлдү.

Борбордо жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана долбоорлор тууралуу маалымат алуу жана өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоо максатында өткөрүлгөн бул сапар эки мекеме үчүн тең пайдалуу болду. Иш сапардын жүрүшүндө факультетибиздин окутуучулары Электроника жана телекоммуникациялар илимий инновациялык борборунун ар түрдүү лабораторияларында жана илимий бөлүмдөрүндө болушту. Тактап айтканда, борбордо иштелип чыккан инновациялык индустриалдык телекоммуникациялык чечимдер жана нерселердин интернети боюнча изилдөөлөр тууралуу кеңири маалымат алынды.

Борбордо жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр биздин кафедранын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгү үчүн дем булагы болуп калды. Бул сапар билим жана технология алмашууну жогорулатуу, жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү колдоо үчүн маанилүү кадам катары бааланды. Келечекте эки мекеменин кызматташтыгын дагы чыңдап, биргелешкен долбоорлор аркылуу өлкөбүздүн технология жана инновация тармагындагы прогрессине салым кошуу максатын көздөйт.