Өнөр — адамзаттын эң байыркы доорлорунан бери жашап келе жаткан универсалдуу билдирүү формасы. Ал адамдын ички дүйнөсүн жана коомдук турмушун чагылдырат. Ошондуктан көркөм өнөр боюнча билим берүү — жөн гана техникалык көндүмдөрдү үйрөтүү эмес, адамдын ой жүгүртүүсүн кеңейтүүчү, эстетикалык табитин өнүктүрүүчү жана эркин чыгармачылыгын колдоочу көп кырдуу процесс.
Факультетибиз студенттердин академиялык жана чыгармачылык өнүгүүсүн колдоо, искусствонун улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарын терең үйрөнүүгө шарт түзүү, ошондой эле маданий мурастарыбызды заманбап көз караш менен кайрадан чечмелөө максатында иш алып барат. Көркөм өнөр факультети илимий, чыгармачылык жана маданий иш-чаралары аркылуу университетибиздин аброюн көтөрүүгө да чоң салым кошот.
Искусство боюнча билим берүүнүн дисциплиналар аралык өзгөчөлүгүн эске алуу менен факультет салттуу искусство тармактарын жана заманбап чыгармачылык багыттарды камтыган кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Бул жерде алган ар бир билимиңиз жана тажрыйбаңыз жеке чыгармачылык жөндөмүңүздү өнүктүрүү менен гана чектелбестен, сизди илимий ой жүгүртүүгө, изденүүгө, инновацияга жана коомдук жоопкерчиликке ээ болгон сүрөтчү, академик жана изилдөөчү катары калыптандырат.
Кымбаттуу студенттер! Чыгармачылык — бул жеке ишмердүүлүк гана эмес, коом алдындагы жоопкерчиликтин да бир көрүнүшү. Улуттук маданий мурастарыбызды заманбап искусствонун жалпы адамзаттык баалуулуктары менен айкалыштырып, маданий эс тутумубузду сактоо жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү сиздер үчүн маанилүү милдет болуп саналат. Факультетте өткөрүлүүчү академиялык программалар, мастер-класстар, көргөзмөлөр, перформанстар, симпозиумдар жана эл аралык кызматташтык иш-чаралары дал ушул максаттарды ишке ашырууга багытталган.
Бүгүнкү дүйнөдө искусство жөн гана эстетикалык ишмердүүлүк эмес, ал маданий дипломатиянын, коомдук коммуникациянын жана технологиялар менен интеграциянын маанилүү тармагы экенин да эске алуу зарыл. Ошондуктан сиздерден искусствонун өзгөртүүчү күчүн түшүнүүнү, аны илимий ыкмалар менен айкалыштырууну, дисциплиналар аралык кызматташтыкка ачык болууну жана заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп берген чыгармачыл эмгектерди жаратууну күтөбүз.
Факультетибиздин профессордук-окутуучулук курамы Кыргызстандан, Түркиядан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн келген белгилүү окумуштуулардан жана чыгармачыл инсандардан турат. «Түрк дүйнөсү оркестри», «Түрк дүйнөсүнүн музыка тобу», «Жетиген» комуз тобу, «Түрк дүйнөсүнүн бий тобу», «Манастын кыздары» бий тобу сыяктуу чыгармачыл жамааттар факультетибиздин академиялык жана маданий жашоосунда өзгөчө орунду ээлейт.
Студенттер Орхун, Мевлана, Эрасмус программалары жана эл аралык эки тараптуу кызматташтык келишимдери аркылуу, анын ичинде Түркиянын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн университеттеринде билим алып, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Факультеттин бүтүрүүчүлөрү алган сапаттуу билиминин жана кесиптик даярдыгынын аркасында Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да мамлекеттик жана жеке секторлордо эмгектенүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Дүйнөнүн таанымал жогорку окуу жайларынын бири болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде билим алуу студенттер үчүн чоң артыкчылык болуп саналат.
Искусство жаатында билим алуу учурунда топтогон ар бир тажрыйбаңыз жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, чыгармачылык изденүүлөрүңүз жана өзгөчө эмгектериңиз аркылуу жеке өнүгүүңүзгө гана эмес, факультетибиздин жана өлкөбүздүн маданий турмушуна да салым кошот. Сиздердин оригиналдуу чыгармаларыңыздар, илимий изилдөөлөрүңүздөр жана маданий демилгелериңиздер аркылуу улуттук жана эл аралык искусство дүйнөсүндө активдүү роль ойной турганыңыздарга ишенем.
Факультетибиздин бардык профессордук-окутуучулук курамына, административдик кызматкерлерине жана студенттерине терең урмат-сыйымды жана ак тилектеримди билдирем.
Проф. Др. Алпаслан ЖЕЙЛАН