Бөлүмдүн максаты:

Театралдык искусствонун бакалавры деңгээлинин негизинде билим алган болочок адистер, театр тармагы боюнча теориялык жана практикалык жактан атайын жогорку даярдыктан өтүп, көркөм чыгармачылык жаатында фундаменталдуу түшүнүктөргө ээ болот. Театралдык  искусствонун адистерин  тарбиялоонун негизги максаты – көркөм-чыгармачылык табияты бай, адамдык касиети бийик инсанды калыптанууга багытталган.
Дүйнөгө таанымы кенен, маданияты бийик, интеллектуалдык талабы жогору, искусствонун бардык тармактарын, түрлөрүн  терең түшүнө билген, мамлекеттин руханий казынасын байытууга олуттуу салым кошо ала турган театр адистерин тарбиялоо.
Кыргыздын улуттук руханий дүйнөсүн, жалпы түрк ааламынын руханий асылдыктарын арттырууга, даңазалоого салым кошо алчу, билими, таланты, интеллекттуалдык потенциалы ар тараптуу өнуккөн бүгүнкү күндүн инсанын тарбиялоого салым кошуу.
Театр жаатында кеңири билимге жана тажрыйбага ээ боло турган; жалпы адамзаттык, улуттук, руханий, адеп-ахлактык жана коомдук баалуулуктарга кызмат кылуучу жана аны өнүктүрүү үчүн өз билимин, жөндөмүн колдоно билген; өсүп-өнүгүүлөр  менен инновацияларга  тыкыр көз салган жана өмүр бою билим алуунун маанилүүлүгүн түшүнгөн; көркөм ой жүгүртүү, коомдук, илимий жана эстетикалык ыкмалардын негизинде чыгармачылык чечимдерди кабыл алуу аркылуу долбоорлорду иштеп чыга алган; театр жаатында пландаштыруу, уюштуруу жана аны ишке ашырууга жөндөмдүү профессионал художниктерди: актёрлорду, драматургдарды, режиссёрлорду, театр таануучуларды даярдоо.