Кыскача

 

ФАКУЛЬТЕТ ТУУРАЛУУ

Гуманитардык факультет ‒ Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алгачкы факультеттеринин бири. Ал 1997-жылы Табият таануу жана Гуманитардык илимдер факультетинин курамында түзүлүп, 2008-жылдан тартып өз алдынча Гуманитардык факультет катары ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган.

Факультеттин тарыхы түрк таануу жана тарых кафедраларынын ачылышы менен башталган. Алгачкы бүтүрүүчүлөр 2001-2002-окуу жылында дипломдорун алышкан. Кийинки жылдарда Педагогика, Социология, Философия, Чыгыш тилдери, Батыш тилдери жана Синхрондук котормо кафедралары удаа негизделген. 2022–2023-окуу жылында түзүмдүк өзгөртүү жүргүзүлүп, Чыгыш тилдери кафедрасына караган «Орус тили жана адабияты», «Кытай тили жана адабияты» программалары менен Батыш тилдери кафедрасына караган «Англис тили жана адабияты» программасы бириктирилип, жаңы Филология кафедрасы түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө факультет жети кафедранын алкагында 11 академиялык программа боюнча адистерди даярдайт. Педагогика кафедрасы «Кеңеш берүү жана психологиялык колдоо» программасын алып барат. Философия жана Социология кафедралары өз багыттары боюнча программаларды жүргүзүшөт. Филология кафедрасында «Кытай тили жана адабияты», «Англис тили жана адабияты», «Орус тили жана адабияты» программалары окутулат. Синхрондук котормо кафедрасы «Кыргыз-англис котормо», «Кыргыз-түрк котормо» жана «Орус-түрк котормо» багыттарын камтыйт. Факультеттин түзүмүн Тарых жана Түрк таануу кафедралары толуктайт.

Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы Кыргызстан менен Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан чыккан тажрыйбалуу илимпоздордон жана педагогдордон турат. Билим берүү процесси түрк дүйнөсүнүн тилдик, тарыхый жана маданий мурастарына таянуу менен уюштурулган. Алар аркылуу студенттерге кеңири гуманитардык дүйнө таанымды калыптандыруу максат кылынат.