2024-04-19


«Манас» эпосундагы мамлекеттүүлүк түшүнүктөр тууралуу семинар


2024-жылдын 17-апрель күнү т.и.к., профессор М. Кожобеков ««Манас» эпосундагы мамлекеттүүлүк түшүнүктөрү» деген темада илимий семинар өттү. Ал «Манас» эпосунда мамлекеттүүлүк маселеси, бийликти легитимдештирүү жана мекенди коргоо жөнүндө маалыматтарды салыштырып, түшүндүрүп берди. Ошондой эле студенттер кыргыздардын коомдук мамилеси, аскердик өнөрү, улуттук оюндары да эпосто кенен чагылдырылгандыгы тууралуу маалымат алышты.

Семинардын аягында т.и.д., профессор Анвар Мокеев “Манас”эпосунда этникалык тарых, социалдык уюмдашуу, мамлекеттүүлүк, этнографиялык абал, тарыхый жер аттары тууралуу маалыматтар камтылгандыктан эпостун археологиялык жана жазма тарыхый булактар менен салыштырылып, кыргыз тарыхын изилдөөдө колдонулушу керектигин белгиледи.