2024-04-26


Намангандагы окуу жайлар менен кызматташуу уланууда


2024-жылдын 22-25-апрелинде Өзбекстандын Наманган Мамлекеттик университети жана Наманган Педагогика институнун окутуучулары жана студенттеринен куралган делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмүндө болушту. Коноктор КТМУ жана университетибиздин музейи менен таанышышты.

2024-жылдын 22-апрелинде доцент Йосинжон Ортиков жана доцент Шухрат Хайдаралиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмүнүн студенттерине лекция өтүштү. Ошол эле күнү  профессор Темур Исмоилов, доцент Надиржон Суяров, Бобомурод Тохтасинов «Манас ФМ» Радиосуна репортаж беришти.

2024-жылдын 22-апрелинде Наманган Мамлекеттик университетинин окутуучусу, PhD. Акмолжон Турокулов “Достук мамиледе футболдун тарыхы жана өтмүшү” аттуу семинар өткөрдү. Семинарда Акмолжон Турокулов Орто Азиядагы жана түрк элдериндеги футболдун тарыхы тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

2024-жылдын 23-апрелинде “Орто Азия тарыхынын актуалдуу маселелери” аталышындагы биргелешкен семинар уюштурулду. Семинарда тарых бөлүмүнүн башчысы т.и.д., проф. Жээнбек Алымбаев “Фергана өрөөнүнүн калкы, этностук курамы (XIX к экинчи жарымы- XX к. башы)” темасында семинар берди. Т.и.д., проф. Жээнбек Алымбаев Фергана өрөөнүндө өзбек, кыргыз элдеринин байыркы мезгилден бери ынтымакта жашап келишкендигин белгиледи. Андан кийин Наманган Мамлекеттик университети тарых бөлүмүнүн студенти Элчинбек Мамасолиев “Өзбекстан жана Түркия мамилелеринин тарыхы жана бүгүнү”, ошол эле окуу жайдын археология бөлүмүнүн студенти Жахонгир Махсуталиев “Фергана өрөөнүнүн археологиясы” темасындагы изилдөөлөрү менен бөлүшүштү.

2024-жылдын 23-апрелинде Наманган Мамлекеттик университетинин студенттеринин “Достук” жана KTMУ тарых бөлүмүнүн студенттеринин “Ынтымак” командалары ортосунда акыл таймаш оюну уюштурулду. Таймаштын жүрүшүндө тарых, маданият жана искусство боюнча суроолор суралды. Таймаштын жыйынтыгында эки окуу жайдын студенттери бирдей ийгиликтерге жетишип, достук жана ынтымак жеңди.

2024-жылдын 23-24-апрель күндөрү доцент Низамжон Гафуров жана Бобомурод Тохтасинов “Өзбек-кыргыз тарыхы жана бүгүнү” аттуу семинар беришти. 2024-жылдын 24-апрелинде Намангандан келген коноктор Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин телевидение программасына да катышышты. Бул программада Наманган Мамлекетик университетинен доцент Шухрат Хайдаралиев жана доцент Низамжон Гафуров “Манас” университетинен профессор Кубатбек Табалдиев менен бирге илимий маданий кызматташуулар жана пландар тууралуу айтып беришти.