2024-06-14


Наманган мамлекеттик университетине сапар


Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университети менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосундагы академиялык кызматташуу протоколунун алкагында 2024-жылдын 3-13-июнь күндөрү профессор К.Табалдыевдин жетекчилигинде университетибиздин магистрант жана студенттери Наманган мамлекеттик университетине барып келишти. 2024-жылы 5-июнда коло доорунун Чуст эстелигине барып казуулар менен таанышышты. 6-7-8-июнь күндөрү Ахсикент шаарындагы археологиялык казууга катышышты.

 «Манас» университетинин студенттери Наманган областындагы археологиялык, этнографиялык тарыхый музейлер менен таанышып чыгышты. Областтагы Чортак, Норин аймактарындагы ыйык жерлерге зыярат кылышты. Жыл сайын Наманган шаарында уюштурулчу гүл фестивалына да күбө болушту. Аталган фестиваль 63 жылдан бери үзгүлтүксүз Наманган шаарында ар жылы бир ай бою уюштурулат. Манас университетинен Наманган Мамлекеттик университетине барган делегация мүчөлөрүнө бул сапар абдан жакты жана жагымдуу эмоциялар менен кайтып келишти.