2023-11-30

Тарых бөлүмүнүн студенттеринин ийгилиги


2023-жылдын 25-ноябрында «Инсандык Өнүгүү» студенттик клубунун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филиалы жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин филиалынын демилгеси менен Бишкек шаарындагы университеттер арасында достукту, ынтымакты бекемдөө жана чыңдоо максатында «Акыл майданы» аттуу конкурс өткөрүлдү. 

Конкурста уюштуруучулар тарабынан катышуучуларга коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча кызыктуу суроолор берилди. Аталган иш-чарага Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Орто Азия" Тарых клубунун мүчөлөрү Айдамир Султанбеков, Акмат Бактыбек уулу, Айпери Мадимар кызы жана Айганыш Тажидинова катышып, 1-орунга ээ болушту. Ийгилик жараткан тарых бөлүмүнүн студенттерин куттуктап, окууларына ийгилик каалайбыз!