2026-жылдын 11-12-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн (кыргызча-англисче программасы) окутуучулар курамы тарабынан маанилүү илимий иш-чара өткөрүлдү. «Санариптештирүү жана ааламдашуу доорунда тил жана котормо тармагындагы заманбап ыкмалар» аттуу эки күндүк (жалпысынан 36 сааттык) тренинг программасы ийгиликтүү аяктады.
Социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында уюштурулган бул окутууга Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын (Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Нарын мамлекеттик университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) өкүлдөрү жана окутуучулары катышты.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга санариптик доордун талаптарына ылайык Лингвистикалык тексттик корпус, санариптештирүү жана заманбап илимдер, синхрондук котормонун ыкмалары, котормочулук көндүмдөрдү өнүктүрүү сыяктуунегизги темалары болгон инновациялык жана практикалык модулдар сунушталды. Теориялык маалымат берүү менен катар өткөрүлгөн практикалык иштер катышуучуларга заманбап котормо технологияларын терең өздөштүрүүгө мүмкүндүк берди.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучу ЖОЖдор менен КТМУнун ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоо максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илимий семинарларды уюштуруу, академиялык персоналдын жана студенттердин мобилдүүлүгү сыяктуу стратегиялык маселелер талкууланды. Иш-чара катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен соңуна чыкты.


