2024-02-15


Кыргыз-Түрк «Манас»университетинде эл аралык эне тил күнү


2024-жылдын 14-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмү жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Европа цивилизациясы факультети тарабынан, эл аралык эне тил күнүнө арналган «Тил жана адабият дүйнөсү» аттуу илимий-маданий иш-чара өткөрүлдү.

КТМУнун таанытуу фильминен жана студенттердин ар тилде саламдашуу-куттуктоосунан кийин иш-чаранын ачылышында, КТМУнун филология бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., проф. Бурул Сагынбаева ачылыш сөздөрүн айтып, азыркы муунду жана айрыкча филологду инсандык калыптандырууда эне тилдин маанилүүлүгүн баса белгиледи. К. Карасаев атындагы БМУнун проректору, доц., док. Дурус Исакбаевич Козуев ааламдашуу доорунда, өзгөчө чет элдик сөздөрдү кепте колдонуу мода болуп жаткан учурда, эне тилдин тазалыгын сактоо маселесине көңүл бурду. Гуманитардык факультеттин деканы, проф., док. Алпаслан Ашык тилдин байланыш куралы катары гана эмес, ошондой эле элдин тарыхын жана маданиятын үйрөнүүнүн ачкычы катары да маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чаранын биринчи бөлүгү майрамдык маанайда өттү.

КТМУнун филология бөлүмүнүн жана К.Карасаев атындагы БМУнун студенттери кыргыз комузун жана түрк бийин, англис ырын жана кытай тилинде сахналаштырууну, орус элдик бийин жана скрипкада классикалык музыканы аткарууну, казак тилинде ыр жана заманбап бийлердин ритминде флешмобту камтыган концерттик программаны даярдашты. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар белгилүү «Кыргыз жери» аттуу кыргыз ырын аткарып, аны менен бирге кыргыз жеринде тилдер менен маданияттардын биригиши жөнүндөгү негизги ойду беришти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү илимий-изилдөөчүлүк мүнөздө өттү. Анда КТМУнун жана К. Карасаев атындагы БМУнун окутуучулары (Калиева К.А., Одокозова К.И., Нарозя А.Г., Осмонова Ж.Д., Турсун Р.) кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде баяндамаларын жасашты. Модератор ф.и.д., проф. Б. Сагынбаева болду. Баяндамачылар англис тилинен эне тилге которуу көйгөйлөрү, көп маданияттуу коомдо кош тилдүүлүктүн мааниси, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын Кытай адабиятына тийгизген таасири тууралуу сөз кылышты. Баяндамаларды студенттик аудитория чоң кызыгуу менен угушту. Бардык баяндамачыларга жана модераторго КТМУ тарабынан сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара жандуу, чыгармачыл атмосферада өткөрүлүп, Кыргыз-Түрк «Манас» университети маданий коомдо тил менен маданияттын бириктирүүчү ролу тууралуу ойду дагы бир жолу тастыктады.