2026-10-21
2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Кожо Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин ортосундагы кызматташуу алкагында «Тилдер жана маданияттар диалогу» аттуу эл аралык илимий семинарды уюштурду. Семинар Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин филология бөлүмү жана Кожо Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин англис филологиясы жана котормо таануу бөлүмү тарабынан биргелешип өткөрүлдү.
Аталган семинар филология, адабият таануу, котормо таануу жана лингвомаданий изилдөөлөргө арналып, эки университеттин ортосундагы илимий байланышты жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоӊ өбөлгө түздү.
Семинар филология илимдеринин доктору, профессор Чолпон Найманованын жетекчилигинде уюштурулуп, төрт илимий баяндама сунушталды:
· Энес Кавак, PhD, «Теориядан кийинки теория: метамодернизм, посткритика жана адабий интерпретациянын жаңы багыттары»;
Семинарда азыркы адабий адабий интерпретациянын заманбап багыттарынан тартып, маданияттар аралык коммуникациянын маселелери, маданий өзгөчөлүктөргө мүнөздүү лексиканы которуу жана жарнама дискурсундагы прецеденттик феномендердин колдонулушу сыяктуу темалар талкууланды. Аталган илимий баяндамалар тил жана маданиятты изилдөөдө дисциплиналар аралык ыкмалардын маанисинин жогору экендигин көрсөттү. Семинар эки университеттин изилдөөчүлөрүнүн ортосунда илимий тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп, филология жана котормо таануу тармактарында мындан аркы академиялык кызматташуунун келечеги кеӊ экендигин тастыктады.

.jpeg)
.jpeg)
