2026-03-31
2026-жылдын 25-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультеттин философия бөлүмү тарабынан уюштурулган семинарлар сериясынын алкагында кезектеги илимий семинар 522-аудиторияда болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери Бакыт Эрмек уулу «Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” аттуу эмгегинин түп нускалары жана аны кыргызчалоо маселеси» аттуу темада баяндама жасады.
Семинарда Б. Эрмек уулу Жусуп Баласагындын эмгегинин түп нускалары, алардын арасындагы айырмачылыктар жана аларды кыргы тилине которуу процесси боюнча кызыктуу маалыматтарды берди. Муну менен бирге Жусуп Баласагындын эмгегинин түп нускаларынын негизинде философиялык мазмуну, коомдук-саясий идеялары жана адеп-ахлактык баалуулуктары кеңири талкууга алынды. Ошондой эле эмгектин илимий изилдениши, анын тарыхый-философиялык мааниси жана азыркы илимий чөйрөдөгү орду тууралуу маселелерге да токтолду. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан кызыктуу суроолор берилип, мазмундуу пикир алмашуу болду.
Философия бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери үчүн бул семинар мазмундуу илимий жолугушуу болду. Семинардын соңунда КР УИАнын улук илимий кызматкери Бакыт Эрмек уулуна Философия бөлүмүнүн атынан тереӊ ыраазычылык билдирилди.