Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү: Зия Гөкалптын каза болгонунун 100 жылдыгына карата Панел
2024-11-21 | Жаңылык
Азыркы коомдун өнүгүшүнүн өзгөчөлүгү социологиялык илимдин жана тажрыйбанын улам барган сайын ага тийгизген чоң таасири жана мааниси менен баяндалат. Демократия жана рынок мамилеси ар тараптан өнүккөн жана кеңири тараган шартта социологиялык кызмат, ошондой эле социологиялык изилдөөлөр жашоонун жана коомду туруктуу өнүктүрүүнүн алмаштыргыс каражатына айланган. Ошондуктан улам өзгөрүп турган социалдык болмушта, айлана чөйрөнүн улам алмашуу шартында, талдоочу, эксперт болуучу адистерге жана окуу жайларында социология сабагы боюнча мугалимдик кесипке муктаждык өсүүдө.
Жыйынтыктап айтканда, социология багытындагы бакалаврды бүтүрүүчүлөр төмөнкү кесиптик ишмердүүлүккө даяр болот:
- илимий-изилдөө;
- уюштуруу-башкаруу;
- маалымат-талдоо.
Проф.док.
Эртан Oзенсел
Урматтуу Социология бөлүмүнүн студенттери!
Социология бөлүмү коомдук түзүлүш жөнүндө кеңири жана аналитикалык билимге ээ, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүдө оригиналдуу жана көз карандысыз саясий сунуштарды иштеп чыга алган, коомдук жоопкерчиликтүү инсандарды тарбиялоого багытталган. Ошондой эле, маалымат тездик менен өндүрүлүп, кайра керектелген маалымат доорунда тез ойлоно алган, стратегиялык көрөгөчтүгү бар, чечим чыгарууга багытталган жана атаандаштыктын шарттарына ийкемдүүлүктү жана шайкештикти көрсөтө алган студенттерди жана академиялык адистерди даярдоого аракет кылат.
Социология бөлүмүнүн билим берүү алкагында социология тармагы боюнча негизги бакалаврдык билимге ээ, илимий ой-пикирди жана илимий ыкманы социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө ийгиликтүү ишке ашыра алган, Кыргызстандын жана Түрк дүйнөсүнүн социалдык чындыктарын аңдаган жана түшүндүрө алган, өлкөнүн жана дүйнөнүн реалдуулуктарынан кабардар болгон социологдорду даярдоого багытталган окуу программасын сунуштайт.
Мындан тышкары, Социология бөлүмү магистратура (MSc) жана PhD программаларында да билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.