2021-12-14


БѲЛҮМҮБҮЗДҮН ОКУТУУЧУСУ ЖАНА СТУДЕНТЕРИ «КОРПУСТУК ЛИНГВИСТИКА» БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРИШТИ


     2021-жылдын 10-декабрь күнү Кыргызстан эл аралык университетинин «Лингвистика» кафедрасы тарабынан уюштурулган аттуу семинар болуп өттү. Бул иш чара англис жана кыргыз тилдик корпустардын иштетилиши, аларды түзүү жана колдонуу маселелерине арналды. Семинарга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн доценти Аида Касиева өзүнүн магистранты Айзат Кадырбекова жана студенти Назика Капарова менен бирге катышып, кыргыз корпусу тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле, семинарда Американын Сан Диего мамлекеттик университетинин профессору Ж. Жанг Азыркы Америкалык Англис корпусунун (Corpus of Contemporary American English) негизинде дискурстун изилдениши тууралуу кошумча маалымат берди.