2022-12-14


ОКУТУУЧУЛАРЫБЫЗ СЕМИНАР БЕРИШТИ


15.11.2022 ж  Жусуп Балсагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз-кытай факультети тарабынан келген жазууу боюнча, 09.12.2022 Манас университетинин Синхрон котормо бөлүмдүн негизинде  доцент, ф.и.к. Мамбаева С.К жана окутуучу М. Киналиева тарабынан атайын иш чара уюштурулду.

Иш чарага  Жусуп Балсагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз-кытай факультетинен 20 студент жана 2 мугалим келди. Иш чара  синхрон котормо бөлүмдүн, синхрон которуу лабораториясында өттү, ал жерден акыркы синхрондук которууга үйрөтүү ыкмалары боюнча атайын презентация доц. Мамбаева с.К тарабынан берилди, жана практикалык иш жүзүндө колдонуу боюнча тандалган көнүгүүлөрдүн негизинде окутуучу Киналиева М айтып жана көрсөтүп берди.

Келген коноктор абдан ыраазы болуп кетишти. Кийин дагы иш чараларды уюштуралы деп сүйлөштүк.