2023-10-03


“Табигый тилди иштетүү (NLP) технологиялары жана корпустук лингвистика” аталышындагы воркшоп/семинары


18-сентябрынан 22-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Синхрондук котормо бөлүмү жана Германиядагы Саар университети (Üniversität des Saarlandes) тарабынан биргеликте “Табигый тилди иштетүү (NLP) жана корпустук лингвистика” аттуу  воркшоп (семинар) уюштурулду. Бул семинар  https://cqpweb.manas.edu.kg/   даректүү сайтта жайгаштырылган жаңы Manas-UdS Кыргыз корпусу менен тааныштыруу максатын көздөлгөн. Семинардын жүрүшүндө табигый тилди иштетүү (NLP) жана корпустук лингвистиканын кызыктуу маселелери боюнча Саар университетинин профессору Эльке Тайх, компьютердик лингвист Йөрг Кнаппен жана Ph.D. Паулине Криелке баяндап беришти. Баяндама жана презентацияларды https://et-wiki.lst.uni-saarland.de/unserwiki/doku.php?id=corpus_tutorial:bishkek2023:generalinformation#certificate_of_attendance сайтынан көрө аласыздар.

Аталган иш-чарага И. Раазаков атындагы Техникалык университет, Ош Техникалык университети, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Тил жана адабият институту, Ысык-Көл мамлекеттик университети, И. Арабаев атындагы мамлекеттик университети жана Кыргыз Улуттук университетинен окутуучулар катышты.   

Семинарда заманбап тил илиминдеги технологиялар жана табигый тилди компьютер аркылуу иштетүү процесстери боюнча теориялык жана практикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Семинардын жыйынтыгында 75 катышуучуга сертификат тапшырылды.

Бул тармакта Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Синхрондук котормо бөлүмү жана Германиядагы Саар университети (Üniversität des Saarlandes) арасында Эразмус+ (мобилдүүлүк) алмашуу программасы боюнча келишимге  кол коюлду.