2018-12-28


«ТИЛМЕЧТЕР ТАЙМАШЫ» ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОНУН АЧТЫ


Синхрондук котормо бөлүмүнүн “Тилмечтер таймашы” интеллектуалдык оюну 4-сезонун ачты.   Бул жолку оюн дүйнө  белгилүү жазуучу, философ, ойчул, көрүнүктүү саясатчы жана улуу инсан Ч. Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналып, “Айтматов ааламы” аттуу аталышта уюштурулду.  Оюнга, “Феникс”, “Фортуна”, “Максат”, “Келечек”, “SmarTeam”, “Мага жагат”, “Чилистен”, “Торнадо” командалары катышты.

Оюндун ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин деканы ф.и.д., проф. Лайли Үкүбаева жана Синхрондук котормо бөлүмүнүн бөлүм башчысы проф. Жейхун Ведат Уйгур сөз сүйлөп, студенттерге ийгилик каалашты. 

 Аталган интеллектуалдык таймаштын натыйжасында 3-орунга “Мага жагат”, 2-орунга “Феникс” ал эми 1-орнга “Торнадо” командалары ээ болушту.

Байгелүү орундарга ээ болгон командаларды куттуктоо менен калган командаларга кийинки өткөрүлө турган оюндарда ийгиликтерди жана жигердүүлүк каалайбыз!

 

P.S. Бул оюндун уюштурулушуна көмөк көрсөткөн Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулук курамына жана бөлүмүбүздүн бүтүрүүчүсү Баялин Касымали уулуна терең ыраазычылык билдиребиз!