2019-02-05


«ТИЛМЕЧТЕР ТАЙМАШЫНЫН» 2-ОЮНУ БОЛУП ӨТТҮ


2019-жылдын 29-январында Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттеринин арасын кезектеги «Тилмештер таймашы» интеллектуалдык оюну  болуп өттү.

Аталган оюн  коомдогу символдорду, белгилерди жана ошондой эле тарыхта из калтырган окуяларды чагылдырган сүрөттөргө арналып,   “Сүрөттөр сүйлөйт” деген аталыш менен өттү.  Оюнда “Феникс”, “Чилистен”, “SmarTeam”, “Мага жагат”, “Фортуна”, “Келечек”, “Максат” жана “Торнадо” командалары  арасында  кызуу таймаш өттү.      

Натыйжада “Фортуна” командасы  биринчи,    “Торнадо” командасы экинчи, ал эми “Келечек”, командасы үчүнчү орунга ээ болуп, атайын белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул командаларды куттуктап,  окууларында жана мындан аркы таймаштарда да ийгиликтерди каалайбыз.

Мындан тышкары афиша жасалгасы үчүн Сихрондук котормо бөлүмүнүн магистранты Баялин Касымалиевге, ошондой эле студенттерге моралдык, материалдык колдоо көрсөткөн бардык окутуучуларга  тереӊ ыраазычылык билдиребиз.