2019-12-02


03.10.2019: СИНХРОНДУК КОТОРМО БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАЛЫК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "Синхрондук котормо багытындагы билим берүү: бүгүнү жана эртеңи" аттуу темада семинар өттү. 30-сентябрдагы Дүйнөлүк котормочулар күнүнө карата 2019-жылдын 3-октябрында өткөн семинарга КТМУнун проректорлору проф. Хүсейин Өгүт, проф. Анварбек Мокеев, Бишкектеги университеттердин котормо жана синхрондук котормо багыттары боюнча академиялык адистери менен студенттер катышты.

Катышуучуларга КТМУнун таанытуу фильми көрсөтүлгөндөн кийин, КТМУнун Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн жетекчиси проф. Жейхун Ведат Уйгур сөз алып сүйлөп, бөлүмдүн иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.

Андан кийин семинар Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу ф.и.д. Гүлнура Жумалиеванын модераторлугу менен уланып, панелде Кыргызстан Эл аралык университетинин Котормо жана котормо таануу факультетинин деканы профессору, ф.и.д. Зинаида Караева, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Котормо жана котормо таануу факультетинин доценти, ф.и.д. Аида Эгембердиева, Кыргызстан жазуучулар союзунун алдындагы Котормо бөлүмүнүн башчысы Таштанбек Жакиев, КТМУнун Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары ф.и.к. Калия Кулалиева, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Котормо жана котормо таануу бөлүмүнүн жетекчиси ага окутуучу Элмира Жумакеева доклад окушту.

Докладдардан киийн панелда синхрондук котормо багытындагы билим берүүнүн азыркы абалы, актуалдуу маселелерине байланыштуу пикирлер айтылып, аларды чечүүнүн жолдору боюнча сунуштар айтылды.