2026-10-09


КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР, КАРОО-СЫНАК!


КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР, КАРОО-СЫНАК!

Кыргыз-Түрк «Манас» университети

 Гуманитардык факультет

Синхрондук котормо бөлүмү

«Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы

КР Улуттук жазуучулар союзу

КР жогорку окуу жайларынын котормо бөлүмдөрүндө билим алган студенттердин арасында «Жылдын мыкты котормочусу – 2027» деген аталыштагы кароо-сынак жарыялайт. Кароо-сынактын максаты түрдүү жанрдагы тексттерди түрк, орус, англис тилдерине жана ушул тилдерден кыргыз тилине которуу аркылуу жаш котормочулардын шык-жөндөмүн, билимин сынап көрүү, мыкты котормочуларды аныктоо, келечекте ээ боло турган адистикке багыт берүү. Ошондой эле кыргыз жана башка тилдерге которулган мыкты котормолор аркылуу эстетикалык табитти ойготууга, тарых жана маданиятты таанытууга, жаш муунга билим-тарбия берүүгө өз салымыбызды кошуу.    

Которуу үчүн төмөнкү жанрдагы (түрдүү темада) чыгармалар сунушталат:

1. Проза (аңгеме, повесть 40-80 бет (түп нускадагы китеп форматы);

2. Поэзия (поэма же бир автордун ырлар цикли 10-20 беттен ашпаган көлөмдө (түп нускадагы китеп форматы));

3. Публицистика (маданият, адабият, тарых, тил маселесине арналган макала 15-20 беттен ашпаган (түп нускадагы китеп (15 бет) же гезит (1 бет) форматы)).

            Которула турган чыгармалар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан тандалып алынат. Критерийлерди ар бир тил боюнча түзүлгөн комиссия мүчөлөрү аныктайт.

             Кароо-сынактын шарттары:

  1. Кароо-сынакка котормо бөлүмүнүн студенттери катыша алат;
  2. Бир студент бир эмгекти гана тандоого акылуу, ошол тандалган эмгекти бир гана тилге которсо болот. Мисалы: түрк тилинде бир эмгек тандап алынган болсо, аны орус, кыргыз же англис тилине (3 тилдин бирине гана) которот.
  3. Кароо-сынакка катышуучулар материалдарын атайы түзүлгөн комиссияга 2027-жылдын 20-мартына чейин тапшыруулары керек.
  4. Кароо-сынак 2 тур менен өтөт. 1-турдун жыйынтыгы 2027-ж. 25-мартында, 2-турдун жыйынтыгы 2027-ж. 30-мартында белгилүү болот.

Жеңүүчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланат. Тандалган котормолор «Ала-Тоо», «Kardeş Kalemler» ж.б. журналдарга жарыяланат. Сайттар аркылуу окурмандардын кеңири катмарына жайылтылат.

Кароо-сынак боюнча суроолор болсо Калия Кулалиевага (КТМУ, Коммуникация фак. 501-бөлмөгө же Мухиттин Гүмүшкө (КТМУ, Коммуникация фак. 103-бөлмөгө) кайрылсаңыздар болот. Тел.: +996 557 70 93 50; muhittin.gumus@manas.edu.kg

                                              

Уюштуруу комитети

08.10.2026