2021-12-27


“УНУТУЛГУС ДАТАЛАР” АТТУУ РАДИОБЕРҮҮЛӨРҮБҮЗ УЛАНУУДА


      Медиа Манас 102.9  жыштыгында  “Унутулгус даталар” аттуу радиоберүүлөр улантылып жатат. Кийинки программаларыбыз орус адабиятынын улуу акыны, жазуучусу Н.А.Некрасовун 200 жылдык юбилейинин белгиленишине арналат.

     Адабий -музыкалык радиоберүүлөр 2021- жылдын  28- декабрында (саат 15.05) орус тилинде,  29-декабрда (саат 15.05) түрк тилинде өткөрүлөт.

     Орус тилиндеги радиоберүүнү  синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери Айдай Кайратова, Нурай Касымова, Эмран Нуратдинов жана Кадир Назиров алып барышты.

     Түрк тилиндеги  радиоберүүнү синхрондук котормо бөлүмүнүн орусча-түркчө программасынын студенттери Нигяр Мустафаева, Айдай Кайратова жана Тогайхан Эржан алып барышты.

     Радиоберүүлөрдү даярдаган  доц., филол. илим. канд. Чолпон Сыдыкова.

     Радиоберүүлөрдү жаздырып жана Манас 102.9  жыштыгына тартуулаганга  жардам берген Media Манас  радиостанциясынын мүдүрү док. Бюлент Намалга жана үн режиссеру Денис Бурдаковго чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.