2023-11-18


Өлүмүнүн 50 жылдыгына карата «Ашык Вейселди эскерүү панели» уюштурулду.


Гуманитардык факультет жана түркология бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 17-ноябрында университетибиздин К.Тыныстанов жыйындар залында ЮНЕСКОнун 2023-жылды  «Ашык Вейселди эскерүү жылы» деп жарыяланышына байланыштуу иш-чаралардын алкагында улуу акындын өлүмүнүн 50 жылдыгына карата «Ашык Вейселди эскерүү панели» уюштурулду.

Программада университетибиздин биринчи проректору, факультетибиздин деканы ачылыш сөздөрүн сүйлөштү.

Панелдин негизги бөлүгүндө доц., док. Эрдал Айдогмуш, доц., док. Халит Ашлар жана ага окутуучу Чынар Жылкычиева тарабынан акындын чыгармачылыгы жана кыргызстандык замандашы Барпы Алыкулов менен окшош тагдырлары жөнүндө баяндамалар окулду.