2024-03-25


Кафедрабыздын окутуучусу доц., PhD. Эрдал Айдогмуш Каракалпакстанда


Кафедрабыздын окутуучусу доц., PhD. Эрдал Айдогмуш Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында Бердак атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинин чакыруусу менен 11.03.2024-15.03.2024 күндөрү аталган университеттин Өзбек филологиясы факультетинин Өзбек тили жана адабияты, Казак тили жана адабияты бөлүмүндө Түрк тилинин тарыхы, Түрк дүйнөсүнүн орток адабияты, Казак фольклору боюнча сабак өтүп келди. Каракалпак мамлекеттик университетинин ректору проф., док. Ахмед Реймов менен болгон жолугушууда доц., PhD. Эрдал Айдогмуш университетибиз тууралуу маалымат берди.

2024-жылы 14-мартта Нукус шаарында Ажинияз педагогикалык институту тарабынан уюштурулган жана чет өлкөдөн көптөгөн илимпоздор катышкан «Өзбек тили жана адабиятынын актуалдуу маселелери» аттуу симпозиумга оффлайн жана онлайн баяндамасы менен катышты. 2024-жылдын 15-мартында Бердак атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинин ректораты тарабынан уюштурулган программада доц., PhD. Эрдал Айдогмуш тарабынан даярдалган «Көңүлдөгү кең аалам Каракалпак акыны Ибрайым Юсуповдун тил жана стилдик талдоо», «Каракалпак эл жомоктору», «Каракалпак жазуучусу Кенесбай Алламбергеновдун тандалма аңгемелери (обзор-текст-котормо)» аттуу китептеринин таанытуу жыйыны өткөрүлдү. Университеттин окутуучулары, студенттер, коноктор жана басма сөз өкүлдөрү катышкан китептин бет ачар аземинде Каракалпак түрктөрү жана адабияты боюнча эмгектери үчүн доц. PhD. Эрдал Айдогмушка университеттин ректораты тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды. Доц. PhD. Эрдал Айдогмуш телеканалдарда да конок болуп, университетибиз тууралуу маалымат бөлүштү.