2024-04-24


Түркология бөлүмүнүн окутуучусу жана студенттери Тельман айылынын К.Жумагулов атындагы орто мектебине барышты


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестринде  социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында Түркология бөлүмү тарабынан уюштурулган «Кыргыздын маданий иденттүүлүгү («Манас» эпосунун мисалында)» аталышындагы иш-чара менен Түркология бөлүмүнүн ага окутуучусу жана иш-чаранын жооптусу  Чынар Жылкычиева II курстун студенттери менен Чүй областынын, Панфилов району, Тельман айылындагы К.Жумагулов атындагы орто мектепке барып кайтышты.

Иш-чара Манас университетин таанытуу менен студенттерди окууга шыктандыруу, билим берүүгө чыгармачыл мамиле жасоого үндөө үчүн улуттук мурасты баалоого чакыруу, жаштардын өзүн таанып-билүүгө жардам берүү («Манас» эпосунун мисалындагыдай ачык лекцияларды уюштуруу, кароо-сынактарды уюштуруу), университетибиздин студенттеринин арасында кызматташуу, тилектештик сезимдерин чыңдоо максатына ылайык өткөрүлдү. Мектеп мугалимдери менен окутуунун жаңы ыкмалары талкууланды.