Түркология бөлүмү жүргүзүп жаткан долбоорлор:

1. "Доор, инсандар жана окуялар - 2" оозеки тарых долбоору (Проф. Др. Лайли Үкүбаеванын жетекчилигинде)

2. "Ч. Айтматов түрк адабий сынында - 2" (Проф. Др. Лайли Үкүбаеванын жетекчилигинде)

 

Түркология бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп, жыйынтыкталган долбоорлор:

1. Проф. Др. Лайли Үкүбаеванын жетекчилигинде жүргүзүлгөн "Ч. Айтматов түрк адабий сынында" аттуу долбоор китеп түрүндө жарыяланды: Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түрк адабий сынында, Бишкек, 2017 (ISBN 978-9967-9038-3-8).

2. Проф. Др. Мехмет Айдындын жетекчилигинде жүргүзүлгөн "Uluslararası Türk Dünyası Aşıklık Geleneği Çalıştayı" аттуу долбоор жыйнак түрүндө жарыяланды: Uluslararası Türk Dünyası Aşıklık Geleneği Çalıştayı Bildirileri, 2018 (ISBN 978-9967-9123-6-6).

3. Проф. Др. Орхан Кемаль Тавукчунун 2017.TUAM.03 номерлүү "Türk Dünyası Ortak Metinleri Antolojisi" аттуу долбоору КТМУнун Башкаруу Кеңешинин  2018-15.102 номерлүү чечими менен 2018-жылы ийгиликтүү жыйынтыкталган;

4. Проф. Др. Лайли Үкүбаеванын жетекчилигинде жүргүзүлгөн 2017.TUAM.06 номерлүү жана "Доор, инсандар жана окуялар" атуу оозеки тарых долбоору КТМУнун Башкаруу Кеңешинин 19/03/2019 даталуу жана 06 номерлүү жыйналышында кабыл алынган 2019-06.27 номерлүү чечими менен 2019-жылы ийгиликтүү жыйынтыкталган.

5. Проф. Др. Мехмет Айдындын жетекчилигинде жүргүзүлгөн KTMU-BAP2018.TUAM.02 номерлүү жана "Кыргызстанда тилдик пландоо тажрыйбалары жана тил саясаты" аттуу долбоор КТМУнун Башкаруу Кеңешинин 27.02.2020 даталуу жана 04 номерлүү жыйналышында алынган 2020-04.019 (b) номерлүү чечими менен 2020-жылы ийгиликтүү жыйынтыкталган.  

Илимий изилдөө иштери жана түзүлгөн шарттар:
Университетибизде Түркология жана Түрк цивилизациясы боюнча магистрдик жана  доктордук  илимий даражаларын изденип алуу боюнча  Коомдук илимдер институту  жана Түрк цивилизациясын изилдөө борбору  ачылган. Бул эки түзүмдүн  иш алып баруу тармагы түркология бөлүмү менен тыгыз байланышта. Аты аталган борбор жана Коомдук илимдер институту  түркология багыты боюнча  илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, магистрдик жана доктордук (PhD)  диссертацияларды даярдоо жана сабактарды өтүү боюнча Түркология бөлүмү менен толук  байланышта иштейт. Бул  түзүмдөр ошондой эле  бул тармактагы жаңы изилдөөлөрдүн  жыйынтыктары чыгарылып, илим дүйнөсүнө сунуш кылына турган   жерлер болуп эсептелет. Ушул максатта ушундай өзгөчөлүккө ээ Кыргызстандагы жана Түркиядагы  мекемелер менен кызматташуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.