Туризм факультетинин «Ресторан иши жана кулинардык өнөр» бөлүмүнүн № 108 тамак-аш лабораториясынын аянты 53,90 м² болуп 20 студентке ылайыкталган. Студенттердин тамак-аш өндүрүшү, массалык тамак-аш өндүрүшү, чыгыш жана батыш ашканасы сабактарында алган билим жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана коомдук агартуу иштерин уюштуруу менен коомго кызмат кылуу үчүн колдонулат.  Тамак-аш лабораториясы студенттерге “Ресторан иши жана кулинардык өнөр” тармагында кесиптик көндүмдөрдү берүү үчүн түзүлгөн. Практикалык окутуудан тышкары, тамак-аш даярдоонун ар кандай аспектилерин изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Лаборатория ошондой эле гастрономиялык туризмди изилдөө менен алектенет, жаңы рецепттерди жана тамак жасоо ыкмаларын иштеп чыгат. Бул лаборатория келечектеги шеф-ашпозчулардын, ашпозчулардын жана гастрономиялык туризминин,ресторан иши жана кулинардык өнөр тармагындагы адистердин өнөр-чеберчилигин өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт