109-лаборатория – Кондитердик азыктарды даярдоо технологиясы боюнча лабораториясынын аянты 25,43 м² болуп, 15 студентке ылайыкталган. Лаборатория студенттерди «Кондитердик өнөр», «Кондитердик өнөрдүн жана нан бышыруунун негиздери», «Шоколад» сабактары боюнча практикалык жактан үйрөтүүгө арналган. Ошондой эле, бул жай кондитердик жана нан бышыруу өнөрү боюнча практикалык сабактарды өткөрүү, шоколад жана кант менен кооздоо көндүмдөрүн өркүндөтүү, жаңы рецепттерди жана даярдоо технологияларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Лаборатория ачык билим берүү иш-чараларын өткөрүү үчүн да колдонулат.