Илим изилдөө лабораториясы - инженердик факультеттин борбордук илимий изилдөө лабораториясы болуп саналат. Бул лабораторияда тамак-аш азыктарындагы белок, май, углевод, витамин, аминкислоталар, минерал жана тамак-аш булаларынын камтылышынын сапаттык жана сандык анализдери үчүн жогорку эффективдүү суюктук хроматографы, газ хроматографы, “Fluоromax 4” флуоросценттик спектрофотометри, сублимациялык кургатуучу жабдыгы, жогорку эффективдүу вискозиметр сыяктуу заманбап  приброрлор менен жабдылган. Бул лабораторияда бакалавр, магистратура жана докторантура программаларынын квалификациялык бүтүрүү иштери менен биргеликте инженердик факультеттеги илими изилдөө иштери дагы жүргүзүлөт. 

           КОЛДОНУЛГАН ЖАБДЫКТАР 

  • MCR 302 Модулдуу компакт реометри (Anton Paar, Австрия)
  • Жогорку эффективдүү суюктук хроматографы 1200 (Agilent Technologies, АКШ)
  • Газ хроматографы 7980A (Agilent Technologies, АКШ)
  • Fluoromax 4 Спектрофлюорометри (Horibo Jobin Yvon, АКШ)
  • Specord       Спектрофотометри        (Analytik        Jena, Германия)