Тамак-аш анализи лабораториясы чийки жана даяр азыктардын көлөмүн, тыгыздыгын, катуулугун, илешкектигин, суу активдүүлүгүн, түсүн жана салыштырма нымдуулугун жана ошондой эле чийки жана тамак-аш азыктарындагы белок, май, углевод, витамин, минерал жана тамак-аш булаларынын камтылышынын сапаттык жана сандык анализдерин жүргузүүчү лаборатория болуп саналат. Бул лабораторияда студенттер кесипкөй практикалык билимдерге ээ болуу менен бардык анализдердин түрлөрүн үйрөнүшөт.  Лабораторияда илимий иштер дагы активдүү жүргүзүлөт. 

Лаборатория жабдуулары 

  • Рефрактометр Reichert ABBE Mark II
  • Колориметр СolorTec PCM
  • Суу активдүүлүк анализатору HygroLab
  • рН метр Ultra Basic UB-10
  • рН метр PH-220 pH/mV/
  • Сокслет экстракциялоо аппараты Gerhardt EV6 All/16
  • Кьельдаль      аппараты      Gerhardt      Turbotherm, Gerhardt Vapodest 20
  • Ным анализатору IR 30 Moisture Analyzer
  • Электрондук тараза Denver Instrument TB-2202
  • Аналитикалык тараза Denver Instrument TB-224
  • Пенетрометр Koehler K95500
  • Вискозиметр Brookfield LVDV-E