Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түркия Республикасы, Кыргыз Республикасы жана башка Түрк мамлекеттеринин университет курагындагы жаштарын бир түндүктүн астына чогултуп, алардын түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын калыптандыруу жоопкерчилигин алуу менен;
Билим берүү жана илимий изилдөө иштеринде лидер болгон
Жалпы адамзаттык илимге жана түрк дүйнөсүнүн орток маданиятынын калыптануусуна салым кошо турган, окуп-үйрөнүү жана изилдөө иш-аракеттерине шыктандырган жогорку академиялык сапатты;
Сапатка басым жасаган
Курулуу, түзүлүү максатына ылайык билим берүү, изилдөө жүргүзүү жана коомго кызмат көрсөтүү тармактарында учурдун талабы жана муктаждыгына жараша эл аралык масштабда өз ишин үзгүлтүксүз өнүктүрүп турууну ишке ашырууну;
Өнөктөштөрдүн катышуусу
Ички жана тышкы кызыкдар тараптардын, өнөктөштөрдүн катышуусун камсыз кылуу аркылуу корпоративдик чечимдерди кабыл алуу процесстерин жүргүзүү;
Изденүүчү жана жаңычыл көз караш
Илимде жаңычылдыкка умтулган, изилдөө, билим берүү, технология лык өнүгүүлөрдүн алкагында изденген, сынчыл ой жүгүрткөн, коомдун жана адамзаттын муктаждыктарын камсыздоо үчүн кызмат кылган, жаңычыл жана заманбап көз карашты;
Адамга жана коомго карата сезимталдык мамиле
Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын сактоого басым жасап, түрдүү көз караш жана ой-пикирлерин бейпил жана толеранттуулук атмосферасында айтуусун камсыз кылган, ошону менен бирге өзгөчөлүктөрдү баалуулук катары карап, дискриминациянын бардык түрүнө каршы чыккан, глобалдык баалуулуктарды, иштелип чыккан маалымат, технология жана кызматтарды айлана-чөйрөнү коргоо жана жакшыртуу максатында коомдун пайдалануусуна сунуштоону;
Компетенттүү жана этикалык баалуулуктарды карманган
Дүйнөлүк, илимий, академиялык жана кесиптик этикалык баалуулуктарды кармануу менен ийгилик, жөндөм жана эмгекти даңазалоону; тандоо жана баалоону компетенттүүлүктүн негизинде жүргүзүүнү;
Тарыхый жана маданий баалуулуктарды баалаган
Тарыхый, маданий, улуттук жана руханий баалуулуктарга терең маани берүү менен мамиле кылууну;
Регионалдык жана глобалдык жоопкерчиликти сезген
Тиешелүү мекеме жана адам ресурсу аркылуу өлкөнүн материалдык-техникалык, экономикалык, стратегиялык жана социалдык шарттарында түрк дүйнөсүнүн көйгөйлөрү баш болгон дүйнөлүк маселелерди чечүү жолдорун иштеп чыгууну;
Кызматкерлердин жоопкерчилигинин жогору болуусу
Кызматкерлердин мекеменин бир мөчөсү болгондугуна сыймыктана турган жана анын жоопкерчилигин мойнуна алган бир мекеме болууну негизги баалуулук катары карайт.
Жаштарды университетибиздин негизги баалуулуктарынын алкагында тарбиялоо, дүйнөлүк деңгээлде илимий маалымат, технология өндүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр аркылуу коомдук көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу процессине салым кошуу
Эл аралык деңгээлдеги билим, илим, технология жана көркөм өнөр жаатында алдыңкы университет болуу