Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Табигый Илимдер Факультетинин математика бөлүмү  эл аралык билим берүү стандартынын талаптарына ылайык, азыркы математика жана  компьютердик технологиядагы өнүгүүлөр менен жакындан тааныш,  бакалавр даражасындагы адистерди, магистрларды даярдайт.

     Математика бакалавры, математикалык методдорду колдонуп изилдөөлөрдү жүргүзгөн, процесстердин жана объекттердин математикалык моделдерин түзүп  колдонгон, техникадагы, табият таттуу мамиледе болгон, экономиканын жана башкаруунун  маселелерин чечүүдө эффективдүү болгон математикалык моделдерди иштеп чыгып  колдоно алган адистерди даярдайт.

 

Профессордук-окутуучулук курамы

     Бөлүмдүн билим берүү багыттары боюнча программалары жогорку квалификациялуу, педагогикалык тажрыйбасы бар бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамы менен ишке ашырылып жатат. Булар 1 профессор, 2 доцент, 2 доцент м.а., 1 академиялык адис. Алар математиканын көптөгөн жаңы тармактарында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. 

Бөлүмүбүздүн кураторлорунун тизмеси

  • Академиялык адис Акматбекова Азат(1-курс)
  • доцент м.а. Эсенгул кызы Пейил (2-курс)
  • ф. м. и. к, доц.  Карашева Тамара (3-курс)
  •  Академиялык адис Акматбекова Азат (4-курс)

Проф.док.
Мухаммет КАМАЛИ

Бөлүм башчысы

Азыркы заманда математика дүйнөлүк илимий-техникалык прогресстин маанилүү түзүүчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Математиканы окуу адамдардын таанып билүүчүлүк жөндөмдүүлүгүн, логикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүп, башка дисциплиналарды өздөштүрүүгө жардам бергендиктен, билим берүүдө өтө чоң ролду ойнойт. Сапаттуу математикалык билим заманбап коомдо иш табуу үчүн бардык адамдарга керек. Андыктан математика жана математикалык билим берүү боюнча адистерге суроо талап ар дайым жогору.

Фундаменталдык математикалык билим математика багытындагы бүтүрүүчүлөргө ар кандай тармактарда иштөө  мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Алар  академиялык жана  илимий  мекемелерде, жана да математикалык методдор колдонулган колдонмо тармактарда карьера жасай алышат. Математиктер орто  мектептерде жана жогорку окуу жайларда математикадык дициплиналарды окутуп, табигый илимдер, экономикалык жана техникалык илимдер боюнча илимий изилдөө иштери менен алектенип, системалык- жана бизнес-аналитикалык, каржы жана ишкердик тармактарында иштей алышат.